Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:51

Жонсон менен Путин Украина боюнча абалды талкуулады


Борис Жонсон жана Владимир Путин.
Борис Жонсон жана Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө, НАТОнун чыгыш тарапка кеңейишине жол бербөө үчүн Москва Батыш менен токтоосуз сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.

Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Кремлдин сайтында Путин менен Жонсондун сүйлөшүүсү жөнүндө “батыштын башка өлкө лидерлериндей эле Борис Жонсон дагы орус армиясы украин чек арасына жакындады деген имишке тынчсыздануусун билдирди. Владимир Путин Украинанын айланасындагы абал жөнүндө принципиалдуу баасын берди”, - деп жазылды.

Путин НАТОнун чыгышка мындан аркы кадамдары боюнча эл аралык-укуктук макулдашууну иштеп чыгуу үчүн сүйлөшүү баштоо зарыл экенин айткан.

Батыш Орусия коңшу өлкө менен чек арасына он миңдеген жоокерин жана техника топтоп жатат деген маалыматтарга камтамасын билдирип келет.

Муну чабуул коюуга даярдык катары сыпаттайт. Орусия чек арага "жүз миңдей аскерин койду" деген маалыматты четке кагууда.

XS
SM
MD
LG