Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:34

Камактагы депутат Жетигеновдун маселеси парламентте каралат


Сайлык айылындагы Бакыт Жетигеновду колдоо акциясы. 12-декабрь, 2021-жыл.
Сайлык айылындагы Бакыт Жетигеновду колдоо акциясы. 12-декабрь, 2021-жыл.

Чүй облусунун Сайлык айылында 12-декабрда Жогорку Кеңештин камактагы депутаты Бакыт Жетигеновдун тарапташтары анын бошотулушун талап кылып акцияга чыгышты. Депутат өткөн айда "бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн" деген айып менен камалган 15 адамдын арасында болгон. Парламент аны жоопко тартууга макулдук берип-бербөө маселесин 15-декабрда караганы жатат. Мурунку аптада убактылуу депутаттык комиссия Жетигеновду жоопко тартууга уруксат берген эмес.

Жогорку Кеңеште Бакыт Жетигеновго байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссияны Айсулуу Мамашова жетектеген. Анын ырасташынча, комиссиянын жыйынында Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) өкүлү далил делген аудио тасманын текстин окуп берген.

Мамашованын айтымында, анын негизинде комиссия Жетигеновду жоопко тартууга макулдук бербөө тууралуу чечим чыгарган.

Айсулуу Мамашова.
Айсулуу Мамашова.

"Далил катары тымызын жаздырылып алынган телефон сүйлөшүүнүн текстин окуп беришти. Ал жерде бир дагы жолу "бийликти басып алабыз" деген сөз болгон эмес. Ал аудио жазуу азырынча текшерүүдөн өтө элек. Биз текшерүүдөн өтө элек болсо деле окуп бериңиздер деп сурандык. Текстте "бийликти басып алыш керек, андай-мындай кылыш керек" дегендей терс маанайдагы сөздөрдү уккан жокпуз. Ошондуктан комиссия аны жоопко тартууга уруксат бербөө тууралуу бир добуштан чечим кабыл алдык. Тексти окугандан кийин баарыбыз таң калдык. Бир дагы сөз болбосо деле ушундай олуттуу айыпка шектелип жатканына таң калдык. Парламенттен чыккандан кийин бизди күтүп турган, камалган балдардын айрымдарынын туугандары, ата-энелерине жолуктук. Алар болсо балдары дегеле колуна мылтык кармабаганын, айылда карапайым тургундар экенин айтышты. Комиссиянын жыйынынан кийин корутундуну кароого парламентте кворум болбой калды, эч ким келген жок".

Жетигенов тууралуу маселе парламентте 15-декабрда жалпы жыйында каралат. Жекшембиде Чүй районундагы Сайлык айылында айрым тургундар Бакыт Жетигеновдун бошотулушун талап кылып акцияга чыгышты. Депутаттын аялы Гүлбара Жетигенова күйөөсүнө коюлган дооматтар негизсиз экенин айтып жатат.

"Биздин үйдү 26-ноябрда таңкы саат 6.30да тинтишти. Баарын карап, эч нерсе тапкан жок. "Чүй ынтымагы" деген бул жаштар, жөнөкөй эле карапайым балдар. Булар өздөрү мурда эле чогулуп жүрүшчү. Шеринеге чогулуп, улак тартышып, футбол ойноп чогулуп анан Жетигенов тууралуу жакшы нерселерди угуп, "байке бизге туура жолду көрсөтүңүз" деп күйөөмдү чакыра беришчү. "Чакырса барбай койбоюн, таарынып калышпасын" деп бир-эки саатка барып келчү. Ал балдарды бийликти басып алууга үндөмөк түгүл тескерисинче туура жолго салчу. Кайсы "жылаандын" куйругун тебеледи, кимге жакпай калды, мен билбейм. Бул өзү деле бийлик менен иштешем деп жүргөн. Сүйлөшүүлөр болгонун балдардын баары эле билет. Бул жерде оюн, көрө албастык болуп кетти, менин күйөөм ошонун курмандыгы болуп калды. Жөн эле негизсиз караланып отурат".

Атайын кызмат жалпысынан 15 адам кармалганын билдирген, бирок алардын баарынын тизмесин ачыкка чыгара элек. Камалгандардын бири - Ысык-Ата районунун тургуну Нурсултан Большевиковдун агасы Аскат Эшенкулов инисинин камалганын социалдык тармактарда бийликти сындаганы менен байланыштырып жатат.

"Аны алып барып камагандан бери эч байланыша элекпиз. Адвокаты гана кирип-чыгап жатат. Ага "менин эч кандай күнөөм жок, балдар менен чогулуп, бир-эки жолу чай ичкенбиз" деп айтыптыр. Иним айылдагы электр жарыгы улам-улам өчүрүлө баштаганда президентке видео кайрылуу жолдоп койгон экен. "Жарыкты өчүрүп жатасыңар, анын айынан айылдагы прожекторлор уурдала баштады, эмнеге андай болуп жатат" деп кайрылуу жасаган экен. Ал видеону бир күндө 50 миңдей адам көрүптүр. Инимди ошого такап эле камап салышты окшойт. Азыр ал видеону эч бир жерден таппай койдук, бардык жерден өчүрүп коюшкан окшойт".

УКМК "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен кармалгандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, парламенттик шайлоого талапкерлер жана мурдагы чиновниктер бар экенин маалымдаган. Буга байланыштуу Жазык кодексинин 38 жана 309-беренелери ("бийликти күч менен басып алууга даярдануу") менен сотко чейинки өндүрүш ачылганын кабарлап, иликтөө үчүн Башкы прокуратура мекемелер аралык топ түзгөн. Атайын кызматтын басма сөз кызматынын өкүлү Күмүшбек Шабданов кармалгандар миңдей адам топтоп, шайлоодон кийин калайман тополоң уюштурууга камданып жаткан деп билдирген.

"Айрым бир деструктивдүү саясий күчтөр, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары жана мурдагы жогорку жетекчи кызматтагы адамдар жетектеген топтун кылмыштуу иш-аракеттери тууралуу төгүндөлгүс далилдер алынган. Алдыдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин бул топ айрым саясий күчтөрдүн, анын ичинде шайлоодо утулуп калгандардын колдоосуна таянып, Бишкек шаарынын аймагында кырдаалды курчутуу менен массалык нааразылык акцияларын, укук тартибин сактоочу күчтөр менен кагылышууларды уюштуруу аркылуу бийликти күч менен басып алууну пландаганы аныкталган. Бул максатта кылмыштуу топ, бийликти күч менен басып алууга түрткү болуу үчүн миңге жакын агрессивдүү жаштарды массалык нааразылык акцияларын уюштуруу үчүн топтоп, алар менен мамлекеттик түзүмдөргө каршы идеологиялык мамиле жасоо багытында такай жолугушуулар өтүп, массалык башаламандыктарды чыгаруу пландары талкууланган. Тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында кылмышка даярдангандыгын тастыктаган документалдык материалдардан тышкары куралдар, ок-дарылар жана баңгизаттар табылды".

Жарандык активист Мукай Керимбаевдин пикиринде, өлкөдө туруксуздукту көксөгөн айрым бир күчтөр бар.

"Азыр ушул тапта мамлекеттин тынчтыгы аба менен суудай керек болуп турат. Экономикалык, саясий жактан алдыга жылыш үчүн эң биринчи тынчтык керек. Кандай, эмнени ойлогон күчтөр болсо деле алар өлкөнүн туруктуулугун ойлошу керек. Азыркы экономикалык абалыбызды оңдоп, пандемиядан кийин бутубузга туруп кетишибиз үчүн, башка мамлекеттер менен байланыш түзүү үчүн мамлекеттин тынчтыгы суудай керек. Жеке кызыкчылыкты, же бир топтун кызыкчылыгын ойлоп, бийликке акаарат келтирип, негиздүү сын айтпастан, дароо эле эле "басып алабыз" деген ойдон кетишибиз керек. Азыр эми ар кандай күчтөр бар. Алар конструктивдүү сын-сунуштарды айтып турса. Алардын радикалдуу түрдө "бийликти басып алабыз" деп чыкканы бүгүнкү күнгө айтыла турган маселе эмес".

Президент Садыр Жапаров октябрдагы басма сөз жыйынында саясий куугунтук тууралуу сын-дооматтарды жокко чыгарган.

"Ар бир адам өзүнүн жасаган ишине жооп бериши керек. “Октябрь окуяларында баарыңар эле бийликти басып албадыңарбы, Ташиев менен Жапаров деле жооп берсин” деген журналисттер барсыңар. Бирок мен бир да мекемени басып алдымбы? Же Ташиев барып басып алдыбы? “Мына, биз сени отургуздук” дегенде да мен отурган жокмун ал жерге. УКМКны, ИИМди, прокуратураны, облустарды басып алышты. Биз бир күн ичинде ошону тартипке сала алдык. “Кээ бирөөнү куугунтуктайт, суракка чакырып жатат” деген сөздөр бар. Суракка чакырбаганда эмне кылат, чакырык жасап жатса? Мурдагыдай президент отуруп алып “Тигини кама, муну чыгар” деген заман жок азыр. Чакырык жасап жатса, ИИМ менен УКМК тынч отурушу керекпи? Система иштеп жатат, мыйзамдар иштеп жатат азыр”.

Кыргызстанда буга чейин дагы "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен бир катар саясатчыларга жана жарандык активисттерге кылмыш иштери козголуп, камакка алынган учурлар болгон.


Маселен, азыркы бийликтин тушунда Октябрь окуяларынан улам мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов ушул берененин негизинде камалган жана анын соту октябрь айында башталган.

XS
SM
MD
LG