Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:28

Бир мандаттуу округдан утулган айрым талапкерлер коалиция түздү


28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдардан утулган айрым талапкерлер коалиция түздү. Бул тууралуу алар маалымат жыйынында билдирди.

Коалицияны №27 Биринчи май округунан талапкер болгон Мавлян Аскарбеков, №2 Баткен округунан талапкер болгон Чынтемир Аширалиев, №19 Токтогул округунан талапкер болгон Болотбек Дүйшөналиев жана №21 Талас округанан талапкер болгон Айбек Бузурманкулов түзгөн.

Мавлян Аскарбековдун айтуусунда, парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдарда көптөгөн мыйзам бузуулар катталды. Кайра шайлоо өтчү Биринчи май жана Свердлов округдарында 28-ноябрдагыдай мыйзам бузуулар катталбаш керек.

Шайлоо жыйынтыгына нааразы талапкерлер президент Садыр Жапаровдон менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевден кабыл алууну өтүнүштү.

28-ноябрдагы шайлоодо Жогорку Кеңештеги 90 орундун 54ү үчүн 21 партия ат салышкан. Баштапкы жыйынтык боюнча мандаттардын 15и "Ата-Журтка", 12си "Ишенимге", 9у "Ынтымакка", жетөө "Альянска", алтоо "Бүтүн Кыргызстанга", бешөө "Ыйман Нуруна" бериле турган болууда. Калган 36 мандат бир мандаттуу округдардан келген депутаттарга тиет.

Биринчи май жана Свердлов округдарында "баарына каршы" добуш бергендер көп болгондуктан кайра шайлоо дайындалат.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-декабрга чейин жарыяланышы шарт. (МТа)

XS
SM
MD
LG