Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:26

Варшавада чек арадагы мигранттарды колдогон акция өттү


Варшавадагы акция. 11-декабрь, 2021-жыл.
Варшавадагы акция. 11-декабрь, 2021-жыл.

Варшавада ишемби күнү 500дөй киши Польша-Беларус чек арасында турган мигранттарды колдогон акцияга чыгышты. “Бир дагы адам мыйзамсыз болбошу керек” деген акцияда активисттер “Балдардын орду токойдо эмес”, “Чек араны ачкыла!” деген баракчаларды кармап турушту.

Алар куткаруучулардын алтын жана күмүш түстөгүжуурканын алып келишкен. Чек арадагы мигранттар ушундай жууркандарды жамынып түнкүсүн суук болгон токойдо турушат.

Gazeta Wyborcza басылмасы чек арадагы кризистин курмандыктары ондон ашканын жазды. Укук коргоочулар күн сууктаганы чек арада каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн экенин эскертип жатышат. Акциянын уюштуруучулары гуманитардык көпүрө түзүлүшүн, окуя болгон жерге медициналык жардам жана журналисттердин иштешине уруксат берилишин талап кылышты.

Беларус менен Польшанын чек арасынын узундугу 400 миң чакырымды түзөт. Варшава миграциялык кризистен улам он миңден ашуун аскерин чек арага тарткан. Польшанын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жакында чек арага бийиктиги 5,5 метрлик дубал курулат. Евробиримдиктин аймагына өтүүнү көздөгөн миңдеген мигранттар Беларустун аймагында турушат.

Шаркет бийлиги Беларусту Жакынкы Чыгыштан мигранттарды Евробиримдиктен өч алуу максатында Польшаны көздөй айдактап жатат деп айыптап келет.

Расмий Минск бул айыптоолорду четке кагып келет.

Өткөн аптада эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" уюму Беларус менен Польша чек аралаш аймактагы адамдарга гуманитардык жардам көрсөтүп, адам өлүмүнүн алдын алышы керек экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG