Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:31

АКШ Өзбекстандан өзгөрүүлөрдү күтөт


Өзбекстан.
Өзбекстан.

Дүйнөлүк айрым маалымат каражаттары Кыргызстандагы сымап өндүрүшү, Өзбекстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу жазышты.

Deutsche welle 9-декабрда жарык көргөн макалада “Кыргызстан эмне себептен сымап өндүрүүдөн баш тартпайт?” деген темага кызыккан.

Автор алтын казууда жана электроника чыгарууда колдонулган бул химиялык зат абдан кооптуу экенин, акыркы жылдары өндүрүш азайганы менен өлкө сымаптын көлөмүн көбөйтүп жатканына токтолду.

Макалада айтылгандай, Айдаркен дүйнөлүк базар үчүн сымап казылган жер бетиндеги акыркы кендердин бири.

"2013-жылдан бери 135 мамлекет таза сымап өндүрүүгө, бул суюк металлды камтыган айрым продукциянын экспорту менен импортуна тыюу салган эл аралык конвенцияга кол коюшкан. Бара-бара сымап менен сооданы токтотуу каралган. Бирок кен казуу тармагын экономикасы үчүн маанилүү деп эсептеген Кыргызстан ал документке кошулган эмес", - деп жазды журналист.

Автор сөзүн улантып, бул зат айланада жашаган адамдардын гана эмес, дүйнөнүн башка жерлеринде жашагандардын ден соолугу үчүн да өтө кооптуу экени жөнүндөгү эскертүүлөргө карабай, Кыргызстан сымаптын өндүрүшүн көбөйткөнүн белгилеген.

Материалда Айдаркен кенинин тарыхы, сымап кайсы тармактарда колдонулары, башка өлкөлөрдүн бул жааттагы таржымалы, көмүскө рыноктун гүлдөп өскөнү баяндалат.

Андан ары сымап адам баласынын нерв, тамак-аш сиңирүүчү, иммундук системаларына чоң зыян келтире турганы, өзгөчө кичинекей балдар жабыркашы мүмкүн экени айтылат. Металлдын буусунунан тышкары эң коркунучтуусу уулуу зат мал жана суу жандыктарынын, адамдын организмине топтолуп калат.

Deutsche welle агенттигинин журналисти Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 2013-жылы кенден чыккан таштандылар сакталган жайларды курчаган суулардын үлгүлөрүн алганда уунун деңгээли нормадан 400 эсе ашканын, жакын жердеги Эшме айылындагы картөшкөдө сымаптын дозасы уруксат берилгенден эки эсеге көп болуп чыкканын жазат.

Жергиликтүү комбинатта иштегендер сымапка ууланган учурлар болгону баяндалып, мурдагы кенчилердин биринин "жумушчуларды ушундай тобокелдикке түртпөй, цемент заводун же башка фабрика курушса болмок" деген сөздөрү мисал келтирилет.

Автор маселени эл аралык алкакта чечүү аракеттеринен майнап чыкпаганына да токтолгон. Макалада быйыл августта түркиялык компания Айдаркен сымап комбинатынын үлүшүн алганы айтылат. Инвестор жаңы жабдууларды алуу, өндүрүштү көбөйтүү жана жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшмөкчү.

АКШ сенаторлору Өзбекстандагы адам укуктарына кабатыр

The Diplomat 6-декабрда АКШдагы демократ-сенаторлордун тобу Мамлекеттик катчы Энтони Блинкенди Өзбекстан менен стратегиялык өнөктөштүк диалог алкагындагы талкууда адам укуктары маселеси көңүл чордонунда болсун деп үндөшкөнүн жазды.

Катка Сенаттын тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Боб Мендес баш болгон алты мыйзам чыгаруучу кол койгон. Алар президент Шавкат Мирзиёевдин тушунда адам укуктары чөйрөсүндө алга жылуу байкалганы менен “реформаларга карабай, Өзбекстан дүйнөдөгү эң репрессивдүү өлкөлөрдүн бири бойдон калууда жана буга чейинки жетишкендиктер жокко чыгышы мүмкүн” деп эскертишти.

Басылма жазгандай, кайрылууда Кылмыш кодексине өзгөртүүлөр киргизилгени менен маселе жараткан беренелер ошол бойдон калганына, саясий чөйрөнү либералдаштырууда прогресс байкалбаганы айтылат.

Кэтрин Пуц АКШ менен Өзбекстан эки тараптуу консультацияларды 2009-жылдан бери жүргүзүп, былтыр “Стратегиялык өнөктөштүк диалогу” деген деңгээлге көтөрүүнү чечишкени келгенин эске салат.

Макалада Вашингтон-Ташкент алакаларынын тарыхы да баяндалып, америкалык сенаторлор кайрылуусунда “аскерлер Ооганстандан чегингенден кийин Өзбекстан менен алакалар АКШнын баалуулуктары жана кызыкчылыктары үчүн мурда болуп көрбөгөндөй маанилүү экенин” белгилешкени айтылат.

БАЭ дем алышты узартты

Бириккен Араб Эмираттары иш аптасын кыскартууну, дем алыштарды жарым күнгө узартууну чечти. Мурда 9,9 калкы бар өлкө тургундары калган араб дүйнөсүндөй эле жума жана ишембиде эс алса, эми жума күнү түштөн кийин бошоп, дүйшөмбүдө жумушка чыгат.

Бул тууралуу эмираттардын расмий WAM агенттигине таянып бир катар маалымат каражаттары, анын ичинде франциялык La Liberation басылмасы жазды. Кабарларга караганда, мындай жадыбал январдан тарта бардык мамлекеттик мекеме, ишканаларда милдеттүү болмокчу. Гезит жергиликтүү элдин басымдуусу жума намазына бара турганын эске салат.

WAM агенттиги бул чара жумуш менен жеке турмушту тең салмактоо, экономикалык атаандаштыкты камсыздоо үчүн кабыл алынганын билдирген. Буга чейин ушул өңдүү экспериментке Шотландия, Испания жана Жапония барган.

Бирок эң алдыда бул жаатта Исландия турат. 2015 жана 2019-жылдары 2,5 миң киши ошол эле маянага жумасына төрт күн, 35 саат иштөө сунушун алган. Сыноо ийгиликтүү өтүп, эми калктын 85 проценти ушундай ыргакта иштейт. Францияда жумуш аптасын кыскартуу маселесин саясатчылар менен синдикаттар көптөн бери козгоп келет.

XS
SM
MD
LG