Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:02

Хорог акциясындагы башаламандык боюнча иш козголду


Тажикстан. Бадахшан облусунун Хорог шаарындагы нааразылык акциясы.
Тажикстан. Бадахшан облусунун Хорог шаарындагы нааразылык акциясы.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Бадахшан Тоолуу автоном облусунун Хорог шаарында нааразылык акциясы жапырт башаламандыкка айланган окуя боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тажик күч түзүмдөрү атайын операция учурунда 29 жаштагы жергиликтүү тургунду атып өлтүргөнүнө каршы чыккан 5 миңдей киши 25-ноябрда Хорогдогу акимчиликтин алдына нааразылык акциясына чыккан.

Кылмыш иши козголгону тууралуу Тажикстандын Ички иштер министрлигинин «Конун ва чомеа» (Мыйзам жана коом) гезити жазганын «Азия-Плюс» маалымат агенттиги 10-декабрда кабарлады.

Хорог - Тоолуу Бадахшан автоном облусунун административдик борбору. Анын калкынын көпчүлүк бөлүгүн перс тектүү, ислам дининдеги шиит агымын карманган памирликтер түзөт.

Бадахшан автоном облусунун аймагында памирлик кыргыздар да жашайт.

Бул аймак бир эле учурда үч мамлекет – Кытай, Кыргызстан жана Ооганстан менен чектешет.

25-ноябрда милиция менен аскер күчтөрүнүн атайын операциясы учурунда 29 жаштагы Гүлбидин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн кийин облус тургундары митингге чыккан.

Митингчилер маркумдун сөөгүн Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун акимчилигинин алдына алып келип, бийликтен күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылышкан.

Ошол эле маалда Москвадагы Тажикстандын элчилигинин алдына жүздөгөн адамдар нааразылык акциясына чогулган.

Миңдеген тургундар эртеси дагы күнү-түнү Хорогдогу акимчиликтин имаратынын алдынан кетпей турушту. Каршылык акциясы төрт күнгө созулду. Облус жетекчилиги алар менен жолугуп, окуяны тыкыр иликтөөгө убада бергенден кийин гана тараган.

Демонстранттар күч түзүмдөрү менен бир нече жолу кагылышып, эки адам каза болгону, бир нече киши жаракат алганы катталган.

Бадахшанда 25-ноябрдан бүтүндөй аймак боюнча интернет байланышы толугу менен өчүрүлгөн.

Митингчилердин лидерлери жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөрдө жетишилген макулдашуунун шарттары аткарылбай жатканын айтып беришкенин «Азия-Плюс» агенттиги белгилейт.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги билдиргендей, президент Эмомали Рахмондун тапшырмасы менен окуяны иликтөө үчүн 20 чакты укук коргоо кызматкери жана алты «жарандык коомдун өкүлдөрүнөн» турган ыкчам-иликтөө тобу түзүлгөн.

Анда белгиленгендей, нааразылык акциялары маалында күч түзүмдөрүнүн 12 кызматкерине «кол салуу болуп, айрымдары ар кандай деңгээлде жаракат алган».

Маалыматта Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы каршылык акциясы учурунда карапайым калктын арасынан каза тапкандар тууралуу эч нерсе айтылган эмес.

XS
SM
MD
LG