Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:02

ИДӨ: Курулуш, айыл чарба тармактарында төмөндөө болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2021-жылдын январь-ноябрь айларында ички дүң өнүм (ИДП) алдын ала баалоо боюнча, 626 миллиардга жакын сомду түздү жана 2020-жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу 2,4% жогорулады. Ал эми Кумтөр кенин эске албаганда ИДӨнүн көлөмү ушул убакытта 569 миллиардга жакын сомду түзүп, 4,1% жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Мекеме тараткан маалыматка караганда, өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2021-жылдын 11 айында 312 миллиарддан ашык сомду түздү жана өткөн жылдын ушул убактысына салыштырмалуу 3,4% жогорулады.

"Буга мунайзат өндүрүшүндө (64,7%), муну менен катар, желим буюмдарынын, башка металл эмес минерал өндүрүшүндө (32,2%), жыгач жана кагаз буюмдар өндүрүшүндө, полиграфиялык ишмердикте (28,4%), пайдалуу кендерди казуу өндүрүшүндө (17,8%), ошондой эле тамак-аш (анын ичинде суусундуктар) азыктарын жана тамеки өндүрүүдө (15,0%) көлөмдөрдүн жогорулаганы себеп болгон", - деп жазылган маалыматта.

Курулуш жана айыл чарба тармактарында төмөндөөлөр байкалган. Курулушта – 4,6%, айыл чарбасында – 4% төмөндөдү.

Республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 9,7% түздү. Ушул эле учурда алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге баа 10,8%, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 11%, азык -түлүк эмес товарларга – 10%, калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери – 5,1% өскөн.

XS
SM
MD
LG