Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:48

Гендердик зомбулукка каршы өнөктүк жыйынтыкталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 10-декабрда Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк глобалдык өнөктүк алкагында уюштурулган иш-чаралар расмий түрдө жыйынтыкталат.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) демилеси менен өткөн бул өнөктүктө быйыл “Аялдарга карата зомбулукту азыр токтотолу!” деген ураан негизги болду.

Өнөктүктүн жабылышында манасчы аялдар тууралуу баяндаган документалдык тасма көрсөтүлөт, алар ар бири өзүнүн жолу жөнүндө айтып беришет.

Ошондой эле кыздарды баалоо, урматтоо жана колдоо үй-бүлө менен коомчулуктун негизги баалуулуктарынын бири болушу керектиги жөнүндө мультимедиалык сайттын бет ачары болот.

Иш-чара Улуттук тарых музейинде өтөт.

Расмий маалыматтар 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 8405 учуру катталганын көрсөттү. Бул былтыркыга караганда 30% көп. Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 90% ашыгы сотко жетпей түрдүү себептер менен кыскарып кетет. (RK)

XS
SM
MD
LG