Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:52

Кыргызстандын жана Борбор Азиянын IT адистеринин тренинги жыйынтыкталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 9-декабрда Бишкекте Кыргызстандын жана Борбор Азиянын инновациялык бизнес-идеялары, технологиялары менен тааныла баштаган IT адистери үчүн уюштурулган эки апталык онлайн тренинг жыйынтыкталат.

Аны Кыргызстандын Камсыздоо жана тейлөө программаларын иштеп чыгуучулар ассоциациясы АКШнын «Кремний өрөөнүнүн» алдыңкы эксперттеринин катышуусу менен уюштурду.

Амеркиалык адистер Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын өкүлдөрүн инвестиция тартуу, долбоорлордун презентациясы, иштеп чыккан программалык камсыздоо долбоорун жайылтуу жана дүйнөлүк жаңы багыттарды изилдөө ыкмаларына үйрөтүштү.

Тренингге катышкан 16 компаниянын 12си кыргызстандыктар болду.

Аларды окуткан америкалык адистер дүйнө жүзү боюнча 1,5 миңдей IT компаниянын эл аралык рынокко чыгуусуна жардам берген. Ушундай эле тренинг Грузияда уюштурулганда анын катышуучуларынын бири 50 миллион долларлык кирешеге жетише алган. (RK)

XS
SM
MD
LG