Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:56

Time журналынын окурмандары "Жылдын адамын" тандады


Бразилиянын президенти Жаир Болсонару.
Бразилиянын президенти Жаир Болсонару.

Америкалык Time журналы окурмандары арасында сурамжылоо жүргүзүп, "Жылдын адамы" наамына добуш берүү жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, 2021-жылы дүйнөдөгү эң таасирдүү адамдын же адамдар тобунун наамы үчүн онлайн тандоодо жалпы тогуз миллиондон ашык добуштун 24% Бразилиянын президенти Жаир Болсонаруга берилген.

Журнал белгилегендей, Жаир Болсонару 2022-жылы өтчү президенттик шайлоодо кайра шайлана турган талаштуу лидер. Коомчулук өкүлдөрү анын экономикалык чараларын жактырбай каршы чыккан.

Ошондой эле ал коронавируска болгон өзүнүн мамилеси менен коомчулуктун сынына кабылган. Пандемия башталган учурда президент COVID-19 жеңил сасык тумоо деп, чектөө чараларына каршы чыккан эле. Буга чейин 66 жаштагы Болсонару эмдөөдөн баш тартып, COVID-19га каршы эмделгендерде СПИД тезирээк өөрчүйт деген жалган маалымат таратканы белгилүү.

Болсонару ар дайым башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү коронавирустун жайылышына каршы көргөн чараларды шылдыңдап келет. Бразилиянын президенти анын коркунучун четке какканына макул болбой койгону үчүн бир нече саламаттык сактоо министрин катары менен кызматтан алган.

2021-жылдын октябрында Бразилиянын президентинин YouTube каналы COVID-19 тууралуу фейктерди таратканы үчүн убактылуу бөгөттөлгөн.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Time журналынын онлайн сурамжылоосунда окурмандардын 9% добушу менен экинчи орунга чыкты.

Журналдын окурмандарынын рейтингинде орусиялык оппозициялык саясатчы Алексей Навальный 6% добуш менен төртүнчү орунга чыкты. Time журналынын онлайн сурамжылоосунун жыйынтыгы адатта редакциянын тандоосуна дал келбейт.

2020-жылы Time журналынын окурмандары маанилүү деген кызматтарга артыкчылык берип, ал эми журналдын редакторлору ошол кездеги шайланган президент Жо Байден менен вице-президент Камала Харриске добуш беришкен.

Журнал 13-декабрда быйылкы “Жыл адамын” жарыялайт.

XS
SM
MD
LG