Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:26

Ташкентте оор атлетика боюнча дүйнө чемпионаты башталды


Ташкентте 7-декабрда оор атлетика боюнча башталган дүйнө чемпионатына 65 өлкөдөн 432 спортчу катышууда.

Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы кабарлады.

17-декабрга чейин улана турган чемпионатта эркектер арасында 10 комплект, аялдар арасында 10 комплект, жалпысынан 20 комплект медал ойнотулат.

Бул мелдешти башында Перуда өткөрүү пландалган. Пандемиядан улам Эл аралык оор атлетика федерациясынын чечими менен Өзбекстанда өткөрүлмөй болгон.

Кытайдын, Түштүк Африканын жана Ботсвананын штангист-спортчулары коронавирус пандемиясынын жайылуу коркунучунан улам дүйнөлүк чемпионатка катышуудан баш тартты.

8-декабрдагы биринчи мелдеште казакстандык Арли Чонтей 260 килограмм жыйынтык менен биринчи алтын медалды тагынды.

Экинчи орунду тайланддык Тада Самбонуан, үчүнчү орунду болгариялык Анхель Русев ээледи.

XS
SM
MD
LG