Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:25

Орусия Тажикстандын аба мейкиндигин кайтарат


Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу (солдо) жана анын тажик кесиптеши Шерали Мирзо. Москва, 30-ноябрь, 2016-жыл.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу (солдо) жана анын тажик кесиптеши Шерали Мирзо. Москва, 30-ноябрь, 2016-жыл.

Тажик парламенти Тажикстан менен Орусиянын "Биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасын түзүү боюнча" келишимдин долбоорун колдоду.

Мыйзам долбоорун Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо 8-декабрда парламенттин төмөнкү палатасына сунуштады.

«Чөлкөмдө коркунучтардын өсүп баратканын жана согуштук аракеттердин жаңы түрлөрүнүн пайда болгонун, террористтик топтор пилотсуз учуучу аппараттарды кеңири колдоно баштаганын эске алуу менен, бул келишим өлкөнүн аба мейкиндигинин коопсуздугу үчүн абдан маанилүү экенин белгилейм», - деп билдирди Шерали Мирзо.

Ал келишимдин башка мазмуну жана чоо-жайын ачыктабай, маалымат аскерди сыр кенин айтты.

Май айынын башында Орусиянын өкмөтү Тажикстан менен бирдиктүү абадан коргонуу системасын түзүү долбоорун жактырган. Андан кийин орус президенти Владимир Путин Тажикстан менен бирдиктүү аймактык абадан коргонуу системасын түзүү боюнча келишимге кол коюуну тапшырган.

Орус-тажик биргелешкен абадан коргонуу системасын түзүү буга чейин бир топ суроолорду жараткан. Айрым эксперттер мындай системаны түзүү зарылдыгын белгилешсе, башкалары расмий Дүйшөмбү аба мейкиндигин Москванын көзөмөлүнө өткөрүп бергенин сынга алган.

XS
SM
MD
LG