Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Орусияда жылдызы жанган ырчы


Иллюстрация сүрөт. 1971-жылы түзүлгөн "Наристе" ансамбли.
Иллюстрация сүрөт. 1971-жылы түзүлгөн "Наристе" ансамбли.

Өткөн доордун 70-жылдары мукам үндүү доошу менен жарк этип жанган Кеңеш Кожомкулов жөнүндө эл арасында үрөй учурган аңыз кеп аралаган. Кээ бири “Кеңештин тилин кесип кетиптир” дешсе, айрымдары аны “ичкиликке берилип селсаяк болуп кетиптир”, “түрмөгө жатыптыр” дегендер да болду. Мен эс тартып шаарга окууга келгенде Кеңеш тууралуу агайларымдан сурасам, “Горькийдеги филармонияга иштеп кеткенин” (Орусиянын азыркы Нижний Новгород шаары​) айтышкан. Арадан канча мезгил өткөндөн кийин Бишкектеги эл артистинен ал жөнүндө сурасам, дагы эле кеңири маалымат уга албадым.

Филармониянын адабият бөлүмүндөгүлөр “билбейбиз” дешти. Издештирип карындашы Медина Кожомкуловадан көп маалымат алдым.

Туңгуч эстрадалык ансамблдин ырчысы

Чоң-Кеминдин Тар-Суу айылындагы Кожомкул ата менен Осуйпа апа көп мезгил балалуу болбой, туяктан көздөрү учуп турганда Кожомкул атанын карындашы 1940-жылы уул төрөйт. Аны Кожомкул ата менен Осуйпа апа ысымын Жээнбек коюп багып алышат. Андан кийин үч кыз, бир уулду болуп үй-бүлөсү шаңга бөлөнөт. Жакин таеженин айтымында, согуштан кийинки учурда Жээнбек менен Тар-Суу мектебинде 7-класска чейин бирге окуган. Көп сүйлөбөгөн дугдуйган кара тору бала болчу.

"Жетинчи классты бүткөндөн кийин Фрунзеге окууга кетиптир деп угуп калдык. Кийинчерек Кеңеш Кожомкулов болуп чыга келбедиби. Радиодон күнүгө анын ырдаганы угулуп турбадыбы",- дейт.

"Жээнбек байкем Фрунзедеги опера-балет театрынын алдындагы студияга (вокал) ырдоо боюнча окууга кирип окуп жүргөндө эле эл алдына ырдап чыга баштаган. Кийин Ташкенттеги консерваториядан окудум деп калчу. Аны бүтүп, бүтпөгөнүн билбейм", - деди карындашы Медина Кожомкулова.

1970-жылы Кеңеш Кожомкулов Чоро Кожомжаров уюштурган кыргыздын туңгуч эстрадалык ансамблинде ырдап чыгып, элге таанылат. Анын аткаруусунда "Сары Челек", "Алтынчы күнү кечинде", "Ысык-Ата Арашан", "Нарындан жазган салам кат", "Тоолор" деген ырлары кыргыз радиосунан күнүгө жаңырып ырчы элдин сүймөнчүлүгүнө айланат.

Эл артисти, кесиптеши композитор Сардарбек Жумалиевдин айтымында, Кеңеш баритон үндүү таланттуу ырчы болгон.

"Ал өзүнчө "Арашан" деген вокалдык-аспаптык эстрадалык ансамбль түзүп жылдызы бир жанды. Кыялы чортурак эле."Ысык-Ата Арашан" деген менин ырым алардын визиттик карточкасы болгон".

Маалыматтарда ошол мезгилде Кеңеш Кожомкулов Болгарияда өткөн дүйнөлүк эстрадалык ыр фестивалында лауреат болот. СССРдин ири шаарларында концерт тартуулаган. 1975-жылы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында белгилүү ырчы Кеңеш Кожомкуловдун демилгесинде "Арашан" деген үн-аспаптар ансамбли уюштурулат.

Алардын репертуарында кыргыздын, СССРдин композиторлорунун ырлары болгон. "Арашан" Ыраакы Чыгышта, Орусиянын ири шаарларында чоң программадагы концерт тартуулаган. Сочи, Болгарияда эстрада ырчыларынын эл аралык фестивалдарына катышкан. 1980-жылы. "Арашан" таркатылып, В.А.Пруглонун жетекчилигинде 16 адамдан турган "Наристе" эстрадалык үн аспаптар ансамбли болуп түзүлөт.

Композитордун айтымында, "Арашан" эстрадалык тобу ич ара келише албай тарап кетсе керек. Кеңеш болсо, К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде жана Асанкан Жумакматовдун симфониялык оркестринде солист болуп иштейт.

Кожомкулов Рысбай Абдыкадыровдун дээрлик бардык чыгармасын, Ашыкенин "Нарындан жазган салам катты", Аксуубай Атабаевдин "Тоолорун" ийине жеткире ырдаган.

Ырчынын Орусиядагы тагдыры

Карындашы Медина Кожомкулованын айтымында, 1970-жылдары ал Орусияга кеткен.

"Бул жактан баалабай, колдобой коюштубу же талантын толук ачууга мүмкүнчүлүк болгон жокпу, айтор, 70-жылдары Орусияга кеткен. Кийинчерек байланышканымда Орусиянын Благовещенск шаарына барып ыр-бий ансамблин түзүптүр. Ал жерде Наташа жеңе менен жылдызы келишип баш кошуп, экөө Нижний Новгород (1932-1990-жылдары Горький аталган) шаарынан орун-очок алып иштеп калышат. Бул шаар кезинде Орусиянын мыкты үч шаарынын бири болгон. Шаарда архитектуралык кооз имараттарга шайкеш биринчилерден болуп Александр эс алуу багы отургузулуп, эстрадалык жай курулган. Ал жерде Орусиянын жана чет мамлекеттин мыкты делген музыканттарынын кароо-сынактары байма-бай өткөрүлүп, Орусиянын илимий-маданий ири борборуна айланган.

Музыкалык окуу жай, филармония, эстрадалык симфониялык оркестр жана башка классикалык үлгүдөгү бир нече оркестрлер уюшулган. Кыскасы, музыкалык шаар атыккан. Кезинде Новгород филармониясынын сахнасында дүйнөлүк атактагы Мстислав Ростропович, Максим Шостакович сыяктуу музыканттар өнөр көргөзүшкөн. Мына ошондой музыкалык шаарда Кеңеш Кожомкуловдун жылдызы жанып эки-үч жерде иштеп өнөрүн тартуулаган, анын репертуарын классикалык жана орус романстары түзгөн. 1988-жылы симфониялык оркестрдин концертине он миңдеген кишилер келип көргөнү жөнүндө маалымдалат. Кеңеш байкем Новгороддо жылдызы жанып, сый урматка бөлөнгөн. Азыр уулдары Манас менен Деңиз ошол шаарда турат",- дейт Медина.

Анын эскерүүсүндө, 2000-жылы октябрда ал "Ош-3000" мааракесине келип, Рысбай Абдыкадыровдун ырларын ырдаган.

"Концерттен кийин маэстро А.Жумакматов менен кучакташып көрүшүп, аябай ыйлаган, куса болсо керек. Ошол кездеги президент А.Акаевге жолугуп, "Арашан" ансамблинин, өзүнүн мааракесин өткөрсөмбү деп аткан. Билбейм, эмне болгонун".

2019-жылы кайтыш болуп, сөөгү ошол жакка коюлган.

XS
SM
MD
LG