Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр жарыгын арзандатуу, дыйкандарды жер салыгынан бошотуу жана балдар үйүндөгү тамак-аштын каражатын көбөйтүү жөнүндө президенттин жарлыктары чыкты.
"1 жылга 400 сомдой салык алынмак..."
Президент Садыр Жапаровдун удаа-удаа чыккан жарлыктарынын бири - дыйкандардын жер салыгынан бошотулганы социалдык тармакта фермерлер арасында кызуу талкуу жаратты. Бул жарлыкка ылайык, айыл чарба багытындагы жерлерден үч жыл салык алынбайт.
"Министрлер кабинети жер салыгынан бошотууга байланыштуу жергиликтүү бюджеттин жоготууларын компенсациялап, 2022-жылдан баштап 2024-жылды кошуу менен айыл чарба жерлерин пайдаланганы үчүн жер салыгын төлөөдөн бошотууну караган мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин", - деп айтылат жарлыкта.
Президент өлкөнүн тамак-аш коопсуздугун камсыздоо жана дыйкандарды колдоо үчүн жер салыгы алынбай турганын, жакында арзан насыя берилерин убада кылды.
Салык кызматынын маалыматында, өлкө боюнча жер салыгынан орто эсеп менен жылына 320 млн. сомдой жыйналат. Салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыков буларга токтолду.
"Жергиликтүү салык жергиликтүү бийликке түшчү. Эми жергиликтүү бийлик зыянга учурабасын деп, бул сумманын орду республикалык бюджетте толтурулат", - деди Сазыков.
Кыргызстандын Салык кодексине ылайык, жер салыгынын ставкасы сугат айдоо, кайрак айдоо, көп жылдык өсүмдүктөр, чабындылар, жайыттар деген категорияга жана облус, райондорго карата белгиленет.
Маселен, эң көп салык делген сугат айдоо үчүн - Жалал-Абаддын Ноокен районунда гектарына 453 сом, эң аз Нарындын Ат-Башы районунда 191 сом алынат. Айыл жеринде 1-2 гектардан баштап, 50 гектарга чейин жер иштеткендер бар.
Салыктан бошотуу дыйкандарга жардам бербейт
Жер салыгынан бошотуу дыйкандарга жардам бербейт деген фермерлердин бири, экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов президентти айыл чарбасындагы тажрыйбалуу адистердин кеңешин угууга чакырды.
"Жер салыгы өлкөдө аябай кичинекей. Орто эсеп менен 4 доллар, кыргыз сому менен 350 сом. Бир гектар иштеткен дыйкан 350 сом төлөй албайбы? Салыкты көбөйтүү керек. Бироксалыкты көбөйтүүгө айыл чарбанын абалы жакшы эмес. Айыл чарбасына жардам берүү үчүн техника жетиштүү болушу керек. Сырттан алып келген техника жана үрөн үчүн салыктын түрлөрүн алып салышы керек", - деди Абдрахманов.
Фермер Евразия экономикалык биримдиги жана сырткы мамлекеттерден сапаттуу техника жана үрөн алып келүү үчүн бажы жана башка салыктан жеңилдиктерди берүү туура чечим болмок деп эсептейт.
Чүйдө гектарлап алма өстүргөн Өмүрбек Абдрахманов Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ал президент Жапаровдун акыркы жарлыктарын популисттик кадам деп атады. Абрахманов учурда бийликтин реалдуу реформа жасоого мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.
"Электр жарыгынын акчасын азайтып койду. Мындай нерселер абдан майда, популизм. Майда нерселер менен мамлекеттин көйгөйү чечилбейт. Бул "Москвичтин" тетигин же дөңгөлөгүн алмаштырып койгондой эле кеп. Ал системаны өзгөртпөйт. Мага президенттик күчтүү бийлик такыр жакпайт. Бирок, ушундай күчтүү бийлик турган учурда реформа жасоо оңой. Эч ким менен талашып отурбайсың. Эгер жасай албасак, анда бул жөн эле популизм", - деди Абдрахманов.
Коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев пикиринде бийликтин жеңилдиктер каралган жарлыктары зарыл учурда чыкты. Жетимишбаев муну мамлекет башчынын карапайым элге түз багытталган керектүү чечимдери деп атады.
"Балдар үйүндөгүлөрдүн тамагын көбөйтүүнү мугалимдер какшап айтып келген. Муну 100% колдойбуз. Ал эми электр жарыгы боюнча чечимди кош колдоп колдош керек. Бул турмуш шарты жетишпегендерге асмандан түшкөндөй болду. Бул популисттик эмес, боорукерлик кадам. Бардык салык дыйканды муунтуп коёт. Гектарлап жер айдагандарга оңой, карапайым дыйканга бир топ жеңилдик болот", - деди Жетимишбаев.
6-декабрда чыккан үч жарлыктын бири буга чейин айтылып келген аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр жарыгынын наркын азайтуу болду. Ага ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тартып аз камсыз болгон 110 518 кожолук электр энергиясына 50 тыйындан төлөйт. Калган 27 тыйын бюджеттен төлөнөт. Бул тариф канчага чейин созулары так айтылган эмес.
Дагы бир жарлыгы "Социалдык чөйрөнүн айрым мекемелеринде тамактанууга чыгымдардын акчалай ченемдерин көтөрүү жөнүндө" болду.
Ага ылайык, мамлекеттик мекемелерде тарбияланган балдардын тамагына коротулган каражат эки эсе көбөйтүлдү.
3-декабрда президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барып, күнүнө балдарга берилген 110 сомдун тамагын көбөйтүү жөнүндө тапшырма берген.
Буга чейин президент парламент депутаттарынын айлыгын аныктаган жарлык чыгарган. Ошондой эле өлкөдөгү көмүр кризисин чечүүгө өзү аралашып, Бишкектен кара алтындын тоннасын 3000 сомдон ашырбоо тапшырмасын берген. Коомчулукта бул кадамдары талкуу жараткан.
Журналист Алмаз Темирбек президенттин кадамдарын саясий упай топтоо аракети деп атады.
"Жалпы элдин жашоо турмушун, өлкө экономикасын жакшыртпаган чечимдер. Күнүмдүк элдин колдоосуна далбастаган кадамдар. Жакшы анализдеп, маалыматты изилдей албаган жалпы карапайым элге багыттап иш жүргүзүп жаткандай сезилет. Коомчулук анализдегенди үйрөнүшү керек", - деди журналист.
Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, 2020-жылы жакырчылыктын деңгээли 20 пайыздан 25,3 пайызга чейин өскөн. Дээрлик 2,2 миллион кыргызстандык күнүнө 96 сомго жашайт.
Эл аралык республикалык институттун (IRI) сентябрь айындагы сурамжылоосунда кыргызстандыктар биринчи жолу өлкөдөгү негизги көйгөй катары кымбатчылыкты аташкан. Учурда өлкөдө азык-түлүк, күйүүчү майдын баасы күн санап өсүп жатат.