Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

Акбөкөн Таштанбековдун адвокаты ага коюлган айып боюнча маалымат берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбеков бүгүн эртең мененки саат 8ден бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) кармалып турганын “Азаттыкка” анын адвокаты Жылдыз Касаналиева кечки саат 7де билдирди:

“Кармоонун себеби катары биздин талапкер улут аралык кастыкты козуткан делген видеону айтып жатышат. Бирок Таштанбеков ал видеону жайылткан эмес. Анын атаандаштары үч жыл мурдагы видеону алып, интернетке салып, улам жайылтып жатышат. Эми шайлоодо эң көп алган талапкерди УКМК аркылуу шайлоодон четтетүүгө, кийинки талапкерди өткөрүүгө аракет кылынууда”.

Жактоочу Касаналиева Таштанбековго адвокатын киргизбей жатышканын да кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековго карата Жазык кодексинин “Улут жана аймак аралык кастыкты козутуу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун 6-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда интернеттеги социалдык тармактарда №30 Ысык-Ата шайлоо округунан талапкер Акбөкөн Таштанбеков катышкан видео жарыяланган жана ал коомчулукта терс пикир жараткан:

“Бул чагымчыл видеодо Таштанбековдун коомчулукта терс пикир жараткан, улут аралык жана аймак аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттери ачык эле көрүнүп турат. 4-декабрда анын аракеттеринде Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Улут аралык жана аймак аралык кастыкты козутуу) каралган кылмыштын белгилери бар экендигин эске алуу менен кылмыш иши козголгон”.

УКМК билдиргендей, 6-декабрда тергөө органдары Таштанбековду жоопко тартууга макулдук алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу жөнөттү. Анын жыйынтыгы боюнча тергөө тиешелүү чечим чыгарып, саясатчынын аракеттерине юридикалык баа берилет.

«Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын» лидери Акбөкөн Таштанбеков 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо өз округу боюнча эң көп добуш алган. (RK)

XS
SM
MD
LG