Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

Казакстан: “Желтоксон” окуясынын ардагерлери бийликтен колдоо күтөт


Казакстандагы "Желтоксан" окуясынын катышуучулары. 1986-жыл, 17-18-декабрь.
Казакстандагы "Желтоксан" окуясынын катышуучулары. 1986-жыл, 17-18-декабрь.

Жакында казак тарыхында “Желтоксан” деген ат менен белгилүү 1986-жылы 17-декабрда Алматы шаарында Москванын өзүм билемдигине каршы көтөрүлгөн жаштардын козголоңуна 30 жыл толот. Буга байланыштуу “Желтоксондун” катышуучулары алардын социалдык жардам берүүнү сурап, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге экинчи ирет кайрылуу жолдошту. Анда бул кандуу окуядан жабыркаган катышуучуларды социалдык колдоого багытталган жарлык чыкканы менен иш жүзүндө эч кандай жылыш болбогону көрсөтүлгөн. Кайрылууда алардын арасынан бул кандуу окуяда ден соолугун жоготкон ардагерлерди батир менен камсыздоо, жөлөк пулун жогорулатуу жана үй-тиричилигине көмөк көрсөтүү өтүнүчү келтириген.

СССРдин кулашын жакындаткан Алматыдагы жаштардын “Желтоксон” козголоңу катуу басылган соң 99 адам сот жообуна тартылган. Бул козголоңго чыккандардын арасынан эки адам өлүм жазасына тартылган.

Бул кандуу окуяга байланыштуу соттолгон калган катышуучулардын бардыгы СССР таркаган соң акталган.

Студент кезинде “Желтоксон” окуясына катышкан Абай Абдрахманов акталганы менен кийин окуусун калыбына келтире албай калганын айтып, казак бийлиги аларды жылына бир эле күн эстеп, калган убакта унутта калтырганына нааразы:

"Акталды дегенде эми актоо өкүмү тууралуу кагаз алдым. Бирок бул толук актап, бардыгын кайра калыбына келтирүү деген болгон жок. Ошол кагазды алганым менен кийин окуумду аяктай албадым. Азыр эми мына ошол күнү бизге жылына бир жолу гана жылуу сөз айтылат. Калган убакта биз унутта калганбыз".

Москва Колбинди Казакстанды жетектөөсүнө каршы чыккан жаштарды жазалоо учурунда канча адам өлгөнү белгисиз. Бирок айрым булактарда 186 адам каза тапканы жана бир канча адам оор жаракат алганы айтылган.

XS
SM
MD
LG