Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:26

Германияда «ИМ» тобунун согушкери езиддерди кырганы үчүн соттолду


Ирактагы езид качкындары. 11-август, 2014-жыл.
Ирактагы езид качкындары. 11-август, 2014-жыл.

Германияда сот «Ислам мамлекети» террордук тобунун катарында езиддер (арабча язид) азчылыгына геноцид жасаган деген айып менен 29 жаштагы Таха аль-Жумайлини өмүр бою эркинен ажыратты.

Ал геноцидге, адамзатка каршы кылмыштарга, аскердик кылмыштарга айыпталган. Согушкер 2013-жылы экстремисттик топко кошулган.

Өкүм окулуп жатканда айыпталуучу эс-учун жоготуп, кайра өзүнө келди. Бул жезиттерге каршы геноцидге айыпталып, сот жоопкерчилигине тартылган биринчи окуя.

«Ислам мамлекети» террордук тобу 2014-2015 жылдары Ирак менен Сириянын көпчүлүк бөлүгүн басып алган. Ошол маалда экстремисттик уюмдун согушкерлери 3000дей езидди өлтүрүп, 7000ден ашуун кыз-келинди туткунга алган.

Прокурорлор билдиргендей, аль-Жумайли жана анын мурдагы аялы 2015-жылы езид аялды баласы менен кул катары «сатып алышкан». Алар беш жашар кызды 50 градус ысыкта калтырып коюп, секелек ысык өтүп көз жумган.

Езид этникалык азчылыгынын диний ишеними христианчылыктын, зороастризмдин жана исламдын элементтерин камтыйт. “Ислам мамлекети” террордук тобу жезиттерди "шайтанга сыйынуучулар" деп жарыялаган.

2014-жылга чейин Иракта 720 миң езид бар деп эсептелген.

XS
SM
MD
LG