Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Бажыдан товар өткөрүүдө коридорлордун түрлөрү аныкталды


Бажы чек арасы аркылуу товар өткөрүүдө коридорлордун түрлөрү аныкталды.

Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 29-ноябрда кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, мындай чечим Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) чек ара аркылуу товарларды өткөрүүнү тездетүү жана жөнөкөйлөтүү үчүн тобокелдиктерди башкаруу системасын пайдалануу максатында кабыл алынган.

Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, чек арадан товарларды өткөрүүдө коридордун төмөнкүдөй түрү аныкталды:

  • "жашыл коридор" – тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралар колдонулбайт;
  • "сары коридор" – документтерди текшерүү менен байланышкан тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралар колдонулат;
  • "кызыл коридор" – "бажылык жана башка документтерди жана маалыматты текшерүү" жана бажы көзөмөлүнүн формаларын милдеттүү түрдө колдонуу менен тобокелдиктерди минималдаштыруу үчүн бардык чаралар колдонулушу мүмкүн.

Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрациянын башчысы Акылбек Жапаров орусиялык “Коммерсантъ” басылмасына ноябрдын башында кенен маек куруп, бажыдагы саботажды жаңы технология менен жоё турганын айткан.

Ал бажыдан жүк өткөрүүнү көбөйткөн жөнөкөй эреже болорун, быйыл бажыдан 52 млрд. сомдун тегерегинде акча чогултуу керек болсо, кийинки жылы 100 млрд. сомго көбөйтүү планы бар экенин белгилеген.

Мамлекеттик бажы кызматына жетекчи болуп Адилет Кубанычбеков 26-октябрда дайындалган.

Эл аралык республикалык институттун (IRI) 2020-жылдагы сурамжылоосу Мамлекеттик бажы кызматы коррупциялык органдардын катарында экенин көрсөткөн. Өлкө аймактарындагы сурамжылоого катышкан 1,5 миңдей кишинин жарымы бажыны эң коррупциялашкан тармак катары сыпатташкан.

2020-жылы “Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери бажыдагы миллиондогон каражаттарды кымырган схемаларды аныктап чыгышкан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекетке 2 млрд. сом төгүп бошотулган.

XS
SM
MD
LG