Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:46

Эдил Байсалов: Шайлоо системасындагы мүчүлүштүккө БШК түшүндүрмө бериши керек


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгындагы мүчүлүштүккө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана төрайымы түшүндүрмө бериши керектигин айтты.

Мындай пикирин ал "Азаттыктын" түз эфиринде "Эксперттер талдайт" берүүсүндө билдирди:

"Министрлер кабинетинин буга эч кандай тиешеси жок. Президенттин администрациясы катардагы жарандардай эле экрандан жыйынтыкты көрүп турдук, катардагы жарандардай эле суроолорубуз көп. Түшүнгөн жокпуз".

Байсалов журналисттин "Акыркы жыйынтыктагы өзгөрүүлөр шайлоонун таза өткөнүнө көлөкө түшүрдү деген пикирлерге кандай комментарий бересиз?" деген суроосуна "Албетте, мен буга макулмун" деп жооп берди. Ошондой эле бул жыйынтыктын артынан жаралган ызы-чууну мамлекеттүүлүккө доо кетирген чагымга теңеп, нааразы болгон партия өкүлдөрүн сабырдуулукка чакырды. Ал жалпы жыйынтык электрондук системанын маалыматы менен эмес, бююллетендер колдо саналып бүткөндө аныкталарын кошумчалады.

28-ноябрда Кыргызстандын Жогорку Кеңешине шайлоо өттү. Добуш берүү саат 20:00дө токтотулгандан кийин алгачкы жыйынтыктар чыга баштаган кезде Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуштарды санаган автоматташтырылган системасы бир саамга иштебей калды. Ага чейинки жарыяланган эсепте 10 партия 5% чектен өтүп, бирок жалпы добуштар кошкондо 150% ашып кетип жаткан.

Системадагы маалыматтар жаңыланганда босого чектен өткөн партиялардын саны жана пайыздык көрсөткүчтөр кыскарды. Бул жагдай "Ата Мекен", "Азаттык", "Бүтүн Кыргызстан", "Улуттар биримдиги" өңдүү партиялардын мүчөлөрү тарабынан "көз боёмочулук" катары сыпатталууда.

Президент Садыр Жапаров добуш берүү аяктаганда кайрылуу жасап, шайлоо таза өткөнүн белгилеген.

XS
SM
MD
LG