Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:05

Кыргызстан коронавирус пандемиясы учурунда бешинчи шайлоону өткөрүүдө


11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоодо тартылган сүрөт.
11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоодо тартылган сүрөт.

Кыргызстан коронавирус пандемиясы учурунда бешинчи жолу шайлоо өткөрүүдө.

2020-жылдын октябрындагы Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгы нааразылыктардын артынан жокко чыгарылган. Бул нааразылыктар бийлик алмашуу менен аяктап, 2021-жылдын январында президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум уюштурулган.

Апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн. Бирок анда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып, июлда кайра шайлоо болгон.

28-ноябрда парламенттик шайлоо өтүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы ар бир шайлоо тилкесинде санитардык-гигиеналык талаптар сакталышы керектигин, добушканалар тийиштүү медициналык каражаттар менен камсыздалганын билдирген.

2020-жылдын башынан дүйнөнү каптаган коронавирус 5 миллион 200 миңден көп адамдын өмүрүн алып кетти. Кыргызстанда бул оору жуккандардын расмий катталган саны 183 миңден ашып, 2700дөн көп бейтап көз жумду. Өлкөдө күнүгө ондогон адам инфекция жуктуруп алганы аныкталууда. Саламаттык сактоо министрлиги эл көп чогулган жерлерде беткап тагынууну, гигиеналык талаптарга баш ийүүнү эскертип келет.

27-ноябрга карата ооруга каршы 1 миллион 999 миңдей адам вакцина алды. Анын 882 миңден көбү эки дозаны, калганы бир дозаны сайдырды.

Европа мамлекеттеринде ушул күндөрү коронавирус кайрадан күчөп, бир катар өлкөлөр өзгөчө абал жарыялаган.

XS
SM
MD
LG