Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:28

Шайлоо: Абиров менен Кунакуновго айыппул салынды


Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги №26 Ленин шайлоо округунан талапкерлер Жаныбек Абиров менен Максат Кунакуновго 7500 сомдон айыппул салды.

Алар үгүт жарнамаларын билим берүү мекемелерине жакын жайгаштырганы үчүн жамааттык арыз түшкөн. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, жарнамалык материалдар билим берүүчү жана диний мекемелерден 100 метр ары илиниши керек.

25-ноябрда БШК ушул маселени карап, аталган талапкерлердин өкүлдөрү мыйзам сакталганын айтышты. Бирок БШК мүчөлөрү эреже бузуу аныкталган Абиров менен Кунакуновго айыппул салды.

Буга чейин да ушул өңдүү мыйзам бузуулардан улам бир катар талапкерлер айыпка жыгылган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жогорку Кеңештеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Үгүт иштери 26-ноябрда түн жарымда токтотулат.

XS
SM
MD
LG