Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:34

Швецияда алгачкы жолу өкмөттү аял жетектейт


Магдалена Андерссон (отурган айым). Стокгольм. 24-ноябрь, 2021-жыл
Магдалена Андерссон (отурган айым). Стокгольм. 24-ноябрь, 2021-жыл

Швецияда Социал-демократиялык партиянын төрайымы Магдалена Андерссон премьер-министр болуп тандалды. Өлкө тарыхында буга чейин өкмөттү аял киши жетектеген эмес. Андерссонду парламенттин 117 депутаты колдоп, 174ү каршы добуш берди, 57си калыс болду. Швед мыйзамына ылайык, 175 депутат каршы болсо, талапкер өтпөй калмак.

54 жаштагы Андерссон саясий карьерасын 1996-жылы премьер Горан Перссондун кеңешчиси болуп баштаган. Акыркы жети жылдан бери Финансы министрлигин жетектеп келди.

26-ноябрда Андерссон жаңы өкмөт курайт деп күтүлүүдө. Ага эки партиянын өкүлдөрү кирмекчи.

Июнда депутаттар буга чейинки өкмөт башчы Стефан Лөвенге ишеним көргөзбөй койгондон кийин жети жыл бийликте турган саясатчы августта отставкага кетерин билдирген.

XS
SM
MD
LG