Бишкекте журналист Гулиза Урустамбек кызынын "Эгемендүү кыргызстандыктардын үмүтү жана таарынычы" аттуу фотокөргөзмөсү ачылды.
Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 24-ноябрда башталган иш-чара 10-декабрга чейин уланат. Ага өлкөнүн ар кыл аймагында жашаган карапайым кыргызстандыктардын турмушун чагылдырган фотобаяндар коюлган.
Гулиза Урустамбек кызы - "ПолитКлиника" басылмасынын кабарчысы. Ал сүрөттөрдү "Сорос Кыргызстан" фонду колдогон MediaJasa долбоорунун алкагында тарткан.
Дагы караңыз