Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:46

Масадыков Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүүнүн маанисин айтты


Таалатбек Масадыков.
Таалатбек Масадыков.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Таалатбек Масадыков Ооганстанды гуманитардык каатчылык каптаса Борбор Азияга качкындар агылышы мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн “Ооганстандагы кырдаал: "Орусия жана Борбор Азия үчүн коркунучтар жана чакырыктар" деген конференцияда билдирди. Масадыков Ооганстанда кырдаал пессимисттик сценарий боюнча кетип жатканын, ошентсе да азыркы бийлиги менен кызматташууга жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө чогуу аракет кылуунун зарылдыгын белгиледи.

"Кыргызстандын экономикалык абалы оор, биз өзүбүздүн маселелерибизди чечишибиз керек. Ошого карабай ооган элине жардам берүүнүн жолдорун таап жатабыз. Биздин мамлекет алар менен чектешпесе дагы алар биздин дээрлик кошунабыз. Эгер кризис жаралса чоң башаламандык болуп, жарандык согуш башталып кетиши мүмкүн. Бул биздин өлкөлөргө дагы таасирин тийгизет. Ошондой башаламандык, жарандык согуш болуп кетпеши үчүн аларга кандай жардам бере алабыз, ошонун жолдорун издеп жатабыз. Бул биздин максатыбыз, ошон үчүн жардам берип жатабыз", - деди Масадыков.


15-августта "Талибан" Кабулда бийликти басып алгандан кийин Кыргызстан оогандыктарга эки жолу гуманитардык жардам жеткирди. Октябрь айында Евробиримдик Ооганстандагы гуманитардык кризистин алдын алуу үчүн 1 миллиард еврого тете каражат бөлө турганын билдирди.

17-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Ооганстанда 038 миллион калктын 60% ачарчылыкка кабылганы, өлкө “гуманитардык апааттын” алдында турганы жөнүндө сөз болгон.

XS
SM
MD
LG