26-27-ноябрда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. 26-ноябрда көпчүлүк аймактарда, 27-ноябрда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы кескин төмөндөйт.
Өлкө аймагында 24-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз 12…17;
Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз 11…16;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0...5, күндүз 13…18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;
Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 2…7;
Бийик тоолордо түнкүсүн -17…-22, күндүз -2…-7;
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 15…17 градус жылуу болот.