Ирактан алып келинген кыргызстандык балдар күн сайын ата-энесин сурап, аларга куса болушууда. "Азаттыктын" кабарчысы аларды өз камкордугуна алган туугандары менен баарлашып, балдардын ал-абалын билип кайтты.
Салих – Сириядан кайтарылып келген жеткинчектердин бири (каармандардын ысымдары өзгөртүлдү). Аны Ошто атасынын бир тууган агасы Абдулла багып алган. Ал азыр 3-класста окуйт. Биз менен сүйлөшүп жатып, мектепте достору көп экенин, сабактардан өзгөчө англис тили жагарын айтып берди.
“Математика, кыргыз тили, англис тили, өзбек тили — ушуларды окуп жатабыз. Мага англис тили көбүрөөк жагып жатат”, - дейт.
Салихтин ата-энеси үч баласы менен жети жыл мурда Сирияга кеткен. Ал учурда үйдүн кенжеси Салих эки жашка да чыга элек болчу. Үй-бүлө Сирияда жүрүп дагы эки балалуу болгон. Беш баласы тең 2021-жылдын март айында Сириядан кайтарылып, атасынын агасы Абдулланын колуна келген.
Абдулла бир тууганынын балдарын өзүнүкүнөн кем кылбай карайт. Ошентсе да башында "Иракта төрөлгөн балдар бул жакка көнөбү же жокпу" деп кооптонгонун жашырбады.
"Улуулары биздин жаныбызда чоңойгон, бирок кичинекейлери ал жакта төрөлгөндүктөн бизди таанып, бизге көнөт бекен деген ойлор келген. Азыр жакшы, биздин тарбияга көндү. Жумшак сүйлөп, алардын көңүлүн оорутпай, колдон келишинче жакшы карап жатабыз".
Ирактан келген балдардын документтерин өкмөт жасатып берген. Жеткинчектер азыр башка балдар менен катар эле мектепке, эң кичүүсү бала бакчага барып жатыптыр.
"Балдар сабагын жакшы окушат. Ата-энеси ал жакта колдон келишинче окутуптур. Эми акырындап мектепте окуп жатышат. Мектепке калтырбай барышат. Азыр төртөө мектепке, эң кичүүсү бала бакчага барат. Ал жакта болгон нерселерди унутушкан. Булар эми балдар, максаты - окуу. Жашоого кызыгуулары жакшы".
Абдулланын айтымында, балдардын апасы кээде байланышка чыгып, азыр Иракта экенин айтат. Балдар кыйналбасын деп, алыста жүргөн апасы менен сүйлөшүп турууга уруксат берилген. Алар деле Кыргызстанга кайтып, балдарынын жанында болууну күтүп жүрүшөт.
"Апасын сагынышат, бирок ыйлашпайт. Кудайга шүгүр, жакшы жүрүшөт, бардык мүмкүнчүлүктөр бар. "Апабыз келет" деп күтүп, үмүт менен жашашат".
Абдулланын да жалгыз уулу Сирияга кеткен бойдон дайынсыз. Кызын болсо турмушка узаткан. Ал инисинин балдарын караан тутуп, "бешөө өзүмдүн эле балдарым болуп калды" дейт.
Ал балдарды багууда өкмөт, коңшу-колоңдор, атайын уюмдар жардам берип жаткандыктан кыйналган жокпуз деп билдирди. Өзү да устачылык менен алектенип, аялы иштегендиктен балдарды кем кылбай багып жатканын кеп салды.
Азырынча балдардын атасынан кат-кабар жок. Анын тагдыры белгисиз...
"Апаң буюрса келет..."
Дилфуза сегиз жыл мурда Жакынкы Чыгышка үй-бүлөсү менен кетип калган жалгыз кызын күтүп жүрөт. Кызы башка өлкөгө кетип жатканын апасына айткан эмес.
"2013-жылдын 28-ноябры болчу. Мен адаттагыдай иштен чыгып, үйгө бардым. Ошондо кызым балдары менен конокко келген. Кийин алар үйүнө кетишти. Бирок эртеси күнү кайниси келип "байкемдер Түркияга иштегени кетиптир, ошону сизге жеткирип коёюн дедим” деп кабарлады. Ошондо бир аз чочуладым, анткени ошол маалда “кишилер Сирияга кетип жатат” деген сөздөр болуп жаткан. Жаман абалда болуп, “эмне үчүн кетишет, жада калса айтып коюшпаптыр” дедим. Бирок өздөрү менен сүйлөшө албадым", - деп эскерет ошол күндү эне.
Алгач кызы энесине байланышка чыгып, Түркиянын Измир шаарында иштеп жүргөнүн билдирген. Кийин дайыны чыкпай калган кызынын кабарын эне беш жылдан кийин гана укук коргоочулар аркылуу билген.
"Кеткен учурда улуу баласы экиде, кичинекейи беш айлык болчу. "Кимдир бирөө колунда беш айлык баласы менен кетиптир" деп айтышса, "ким экен ал" деп таң калдым эле. Көрсө, өзүмдүн кызым экен".
Дилфузанын айтымында, кызы Иракка баргандан кийин башка күйөөгө тийип, дагы бир балалуу болгон. Күйөө баласы эмне болгону тууралуу эч бир маалымат жок. Неберелери Кыргызстанга быйыл март айында кайтарылган.
Таене азыр үч небересинин түйшүгүн тартып жатат. Алыстагы кызы менен кээде гана телефон аркылуу сүйлөшүп, ал-жайын билип турат. Кызы аман-эсен кайтып келип, балдарынын кашында болсо экен дегенде эки көзү төрт.
"Биз берген мээрим апасына окшобойт да. Бирок балдар деле бизге ичиндеги дартын, кубанычын билдиришет. Эмне керек болсо айтышат. Бардык нерсесин тең бөлүшүп жүрөбүз. Алар ата-энелерин ар дайым эстеп жүрүшөт. Каякта, качан келет деп сурай беришет. "Апаң келет, буюрса келет" дейбиз".
Дилфуза азыр мектепте иштеп, алган айлыгын неберелерин багууга жумшайт. Балдар Ирактан келгенден бери коомго аралаша баштаганына сүйүнөт.
"Өкмөт ата-энелерин алып келсе жакшы болмок"
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова “Кылым шамы” уюмунун атынан Сириядагы, Ирактагы согуш аймактарда жүргөн аялдарды, балдарды Кыргызстанга кайтаруу жаатында иш жүргүзгөндөрдүн бири.
Аларга Оштогу укук коргоочу Изатулло Рахматуллаев да жардам берип келет. Ал үч жыл мурда Абдирасулова баштаган укук коргоочулар Иракка кеткен кыргыз жарандары туурасында маалыматтарды чогулта баштаганын айтат. Жалпы 600гө жакын кишини тапкандан кийин Акыйкатчы институту менен Казакстандагы Сириянын элчилигине барып сүйлөшүү жүргүзүшкөн.
Рахматуллаевдин айтымында, элчилик балдарды алып кетүүгө болорун, бирок алардын ата-энелерине катаал жаза каралгандыктан маселеси татаал экендигин билдирген.
Ошентип бир нече жолку өкмөттүк деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдөн соң 79 бала Ирактан мекенине кайтып келген.
"Реабилитациядан өтүп, 79 бала туугандарына берилди. Иракка ким курал менен кирген болсо баары атууга өкүм кылынган, бүгүнкү күндө мораторийдин негизинде сакталып турушат. Эгер аны алып сала турган болсо, атылып кетиши ыктымал. Алдыда биздин өкмөт, дипломаттар иш алып барышы керек. Аларды алып келип кайра тарбияласа, жаман болбойт деген ойдомун. Балдарга өкмөттүн, туугандарынын берген мээрими ата-энесиндей болбойт да. Кана эми, өкмөт чечим кабыл алып, аларды дипломатиялык жол менен алып келсе жакшы болмок", - деди Рахматуллаев.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сирия менен Ирактагы согуш аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.
Буга чейин Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын өкмөттөрү Сирия менен Ирактагы жарандарын жана алардын балдарын алып келген.
Борбор азиялыктар анын ичинде кыргыз жарандары Сирия менен Ирактын "Ислам мамлекети" террордук тобу ээлеп алган аймактарына 2013-2014-жылдан тартып кете баштаган.