Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:02

Таалатбек Масадыков Ташкентте Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүүнү сүйлөштү 


Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Фуркат Сидиков жана Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинини төрага орун басары Таалатбек Масадыков. Ташкент. 19-ноябрь, 2021-жыл.
Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Фуркат Сидиков жана Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинини төрага орун басары Таалатбек Масадыков. Ташкент. 19-ноябрь, 2021-жыл.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Таалатбек Масадыков Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Фуркат Сидиков менен жолугуп, Ооганстандагы кырдаалды жана анын чөлкөмдүк коопсуздукка тийгизген таасирин талкуулашты. Бул тууралуу Өзбекстандын “Дүйнө” басылмасы жазды. Бул маалыматты “Азаттыктын” жеке булактары да ырастады.

Маалыматка караганда, жолугушууда Ооганстандын чөлкөмдөгү өлкөлөр менен болгон экономикалык интеграциясын, учурда гуманитардык кооптуу кырдаалга кабылган өлкөгө чукул арада гуманитардык жардам көрсөтүү маселеси талкууланды.

“Азаттыктын” булактары билдиргендей, Масадыков Ташкенттен ары Иранга барат.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков октябрдын аягында беш күн бою Ооганстанда жүрүп, абалды өз көзү менен көрүп келгенин айтып берген. Ал "Талибан" өкмөтүн кыргыз бийлиги азырынча тааныбай турганын билдирип, бирок Кабул менен диалог куруу маанилүү экенин белгилеген.

Кыргызстан Ооганстанга эки жолу гуманитардык жардам жеткирди. Октябрь айында Евробиримдик Ооганстандагы гуманитардык кризистин алдын алуу үчүн 1 миллиард еврого тете каражат бөлө турганын билдирген.

17-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде 38 миллион калктын 60% ачарчылыкка кабылганы, өлкө “гуманитардык апааттын” алдында турганы жөнүндо сөз болгон.

XS
SM
MD
LG