Кыргызстанда жаңы Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана жазык кодекстерин колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол коюлду. Тийиштүү документтерге президент Садыр Жапаров кол койгонун 16-ноябрда мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин президент жогоруда белгиленген мыйзамдык актыларды бир катар дал келбестиктерге жана Конституция менен мыйзамдарга карама-каршы келгендигине байланыштуу парламентке макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн кайтарган.
Мамлекет башчынын каршы пикиринен соң кайра иштелип чыккан жана Жогорку Кеңеш 22-сентябрда кабыл алган жазык кодекстерине президент 28-октябрда кол койгону, алар 2-декабрдан тартып иштей баштары маалымдалды.
Кыргызстанда 2012-жылы укуктук-соттук реформа башталып, 2017-жылы Жазык, Жазык-процессуалдык, Бузуулар жөнүндө жана Жазык-аткаруу кодекстери жаңыланган жана алар 2019-жылы иштей баштаган.
Бул кодекстерди кайра өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору быйыл 7-майда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлган. Жаңыртылган долбоорлорду 1-апрелде президенттин жарлыгы менен түзүлгөн эксперттик топ иштеп чыккан.
Мындай реформа ырааттуу түрдө, так максат коюп, эл аралык тажрыйбаны жана кесепеттери кандай болорун эске алуу менен шашпай жүргүзүлбөсө жыйынтыгы тобокелдик жаратарын, репрессиялык ыкмалар бар экенин айткан айрым саясатчылар жана талдоочулар сунуштарды артка кайтаруу керектигин белгилешкен. Ал эми Башкы прокуратура сунуштар жүйөлүү экенин эл гана эмес, кодекстерди иш жүзүндө түздөн-түз колдонуп жаткан адистер да айтып жатышканын айткан. (RK)