Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:09

Пашинян азери аскерлерин "чек араны бузду" деп айыптады


Пашинян Коопсуздук кеңешинин жыйынында. Ереван. 15-ноябрь, 2021-жыл
Пашинян Коопсуздук кеңешинин жыйынында. Ереван. 15-ноябрь, 2021-жыл

Армениянын президенти Николь Пашинян азери аскерлерин "чек араны бузду" деп айыптады. Өткөн ишемби-жекшембиде Ереван менен Баку ок атышпоо келишимин бузгандыгы үчүн бири-бирине доомат артышкан. 15-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөгөн Пашинян «Азербайжан менен чек аранын чыгыш бөлүгүндө азери аскерлери Армения жумуриятынын аймагына кирип келишкенин» билдирди. Баку тараптан азырынча комментарий түшө элек.

Премьер-министр канча аскер чек араны бузганын тактаган жок, бирок ал окуя үчүн коргоо министри Аршак Карапетянды иштен алганын жарыялады. Карапетян бул кызматка быйыл августта дайындалган. Анын ордун вице-премьер министр Сурен Папикян ээледи.

Армения менен Азербайжан былтыр күзүндө 44 күн Тоолуу Карабак анклавынын айынан согушкан. Ошондон бери ортодо чыңалуу улам курчуган учурлар катталып келатат.

XS
SM
MD
LG