Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:16

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы сессияга чогулат


Жогорку Кеңеш жана президент жайгашкан имарат. Бишкек. Иллюстрация.
Жогорку Кеңеш жана президент жайгашкан имарат. Бишкек. Иллюстрация.

Жогорку Кеңештин жалпы сессиясы жаңыдан мандат алган депутат Нурбек Исмаиловдун ант берүүсү менен башталат.

Парламент депутаттары 10-ноябрдагы отурумунда Салык кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тууралуу мыйзам долбоорун 2-окууда карашат. Мыйзам долбоорунун демилгечиси болгон өкмөт жаңы кодексте салыкты көтөрүүгө эмес, салык жыйноонун жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүүгө басым жасалганын белгилөөдө.

Аны Жогорку Кеңеш өткөн аптада 1-окууда кабыл алган.

Документ 2-окууда кабыл алынса, 2022-жылдан тартып жаңы Салык кодекси ишке кирет. Бул өлкө тарыхында аталган багытта жаңы редакция менен кабыл алынган үчүнчү кодекс болуп калмакчы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG