Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

COVID-19: Нарында вакцинанын биринчи дозасын калктын 70% сайдырды


Нарын шаарынын кире бериши.
Нарын шаарынын кире бериши.

Нарын облусунда вакцинанын биринчи дозасын тургундардын 70%, ал эми экинчи дозасын 61,5% алган. Мындай маалыматты Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесинде билдирди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Байсалов эмдөөнү ийгиликтүү ишке ашырып жаткан Нарынга барып, тажрыйбасын иликтөө ниетин билдирди. Кеңешмеде Чүй облусунда вакцинанын биринчи дозасын тургундардын 22,5%, ал эми Бишкек шаарында 28% алганы белгилүү болду. Калган аймактар жөнүндө маалымат айтылган жок.

Коронавирус инфекциясына каршы 1 миллион 756 миңден ашуун адам вакцина алды. Анын миллионго чукулу биринчи дозаны, калганы эки дозаны сайдырышты. Эмдөө бир адамга эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Ушул тушта жашы 18ден өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac препараттары акысыз сайылууда. Саламаттык сактоо министрлиги Sputnik-V вакцинасы түгөнгөнүн билдирген.

4-ноябрга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 91 адам катталды. Нарын облусунда жана Ош шаарында вирус жуктургандар катталган жок. Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 181 590 адамга жетти. Акыркы суткада илдеттен үч киши көз жумду. Штабдын белгилешинче үчөө тең вируска каршы эмделбегендер. Жалпы 2 679 адам коронавирустан каза тапты.

Ушул тапта ооруканада 653 адам, 782 бейтап үйдөн дарыланып жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG