2-ноябрда Москвага бараткан 70тен ашуун учак калың тумандан улам башка аэродромдорго конууга аргасыз болду. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.
Айрым каттамдар Санкт-Петербург, Рига, Воронеж жана Казан шаарларына багытталды. 30дан көп учакты Нижний Новгород кабыл алды. Натыйжада жүргүнчүлөргө өз рейстерин сааттап күтүүгө туура келди. Кээ бир жерлерде траптар тартыш болуп, борттогулар суу, тамак жок, чыга албай отуруп калганын айтып жатышат.
Эл социалдык тармактарга арызданып жаза башташканда гана аларды учактардан кое беришкен. Аэропортко прокуратура өкүлдөрү барышты.
Учактардын бир бөлүгү башкалаага 3-ноябрда гана уча алары маалымдалган.