Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:11

АКШда 5-11 жаштагы балдарды эмдөөгө уруксат берилди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

АКШда 5-11 жаштагы балдарды COVID-19га каршы Pfizer-BioNtech вакцинасы менен эмдөөгө жол ачылды. Өлкөнүн Илдеттерди көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун директору 2-ноябрда балдарга сайыла турган дозаны жактырды. АКШ өкмөтү жана сөз болгон фармацевтикалык компания препаратты дарыканалар менен педиатрларга тарата башташты.

Шаршембиден тарта америкалык 28 миллиондой бала эмделе алат. Президент Жо Байден бул кадамды пандемияга каршы күрөштөгү "ири алга жылуу" деп сыпаттады.

Буга чейин Кытай, Куба жана Бириккен Араб Эмираттары жаш балдарды коронавируска каршы эмдөөгө уруксат беришкен.

Pfizer-BioNtech клиникалык сыноого таянып, алардын вакцинасы 5-11 жаштагы балдар арасында 90,7% эффективдүүлүктү көргөзгөнүн билдирген.

Илдеттерди көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматына караганда, Кошмо Штаттарда коронавирусту 1,9 млн. жаш бала жугузуп алды, 94 бейтап оорудан көз жумду.

XS
SM
MD
LG