Гидрометеорология агенттиги 3-ноябрда күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоо этектеринде, тоолуу жерлеринде кар жаайт деп маалымдады. Батыштан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз 9...14,
Талас жана Ысык-Көл дубандарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 8...13,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...5, күндүз 13...18,
Нарын жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз 6...11,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18...-23, күндүз -3...-8°.
Бишкек шаарында жаан-чачын болушу мүмкүн. Түнкүсүн 0…2, күндүз 12…14° болот.
Дагы караңыз