Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:21

Алматыда орусиялык компанияга каршы акция өттү


“Эл тиреги” кыймылынын лидери Нуржан Алтаев (ортодо) митингде сүйлөп жатат. Алматы, 1-ноябрь, 2021-жыл
“Эл тиреги” кыймылынын лидери Нуржан Алтаев (ортодо) митингде сүйлөп жатат. Алматы, 1-ноябрь, 2021-жыл

Алматы шаарында Орусиянын санариптик үстөмдүгүнө карата нааразылык акциясы болуп өттү.

Каршы чыккандар өкмөттүн электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр тутуму менен жалпы маалыматтар базасын тейлөөнү орусиялык компанияга берүүнү эгемендикке каршы аракет катары баалашууда.

“Эл тиреги” санариптик эгемендикти коргойт

Алматыда 1-ноябрда Казакстандагы каттоого алынбаган “Эл тиреги” саясий кыймылы уюштурган митингде өкмөт менен Орусиянын “Сбер” компаниясынын алдын ала макулдашуусуна каршы демилге көтөрүлдү.

Ага ылайык Казакстандын электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр тутуму менен маалыматтар базасы жаңыланып, аны тейлөө аталган компаниянын ээлигине берилет.

Акцияга келгендер өкмөттүн мындай демилгесине каршы чыгып, муну мамлекеттин эгемендигине коркунуч катары кабыл алышты.

“Өлкөнүн эркиндик алганына 30 жыл толуп, эгемендик майрамы жакындап калган маалда мамлекеттин көз карандысыздыгына коркунуч туудурган кооптуу учур болуп жатат. Биздин өкмөт мамлекеттик башкарууга тиешелүү электрондук маалымат алмашуу тутумун тейлөөнү орусиялык компанияга бергени жатат. Бул абдан кооптуу. Анткени биздин жарандардын маалыматтары, мамлекеттик органдардын маалыматтары мына ошол “Сбер” компаниясынын колуна түшөт” дегенди түшүндүрөт. Бул маалыматтар башка мамлекетке берилип турат деген сөз. Биз мындайга жол бербешибиз керек”, - деди “Эл тиреги” саясий кыймылынын лидери Нуржан Алтаев.

Ошондой эле ал бул аракет мамлекеттин маалымат коопсуздугун алсыратып, Москва Казакстандын электрондук мамлекеттик маалымат тутумуна толук ээ болуп, ал аркылуу өз үстөмдүгүн камсыздап алат деп кооптонот.

Буга чейин казак өкмөтү менен орусиялык “Сбер” компаниясы мамлекеттик кызмат көрсөтүү тутумун толук электрондоштуруу тууралуу меморандумга кол коюшканы белгилүү.

Бул демилгеге каршы чыккан жарандык активисттер электрондук тутум орусиялык компанияга өтсө, жарандардын маалымат базасынан сырткары, мамлекеттик башкаруу органдарынын электрондук маалымат тутуму толук коңшу өлкөнүн көзөмөлүндө калат деп чочулашат.

Бийлик катталбаган уюмдун акциясына уруксат берди

“Эл тиреги” кыймылынын лидери Нуржан Алтаев мурда бийликтин “Нур-Отан” партиясынан депутат болгон. Ал негиздеген бул саясий кыймылды да партия катары каттоодон өткөрүү боюнча сунушу четке кагылган. Ошондуктан трибуна коюлган жерде “Эл тиреги” кыймылын каттоо талабы да илинип турду.

Мурда каттоого алынбаган уюмдарга саясий акцияларын өткөрүүгө тыюу салынып келсе, бул жолу полиция “Эл тиреги” кыймылы уюштурган митингдин жүрүшүнө байкоо салып турганы кабарланды.

Мурда каттоого алынбаган саясий уюмдар акция өткөргөндө, катышуучулар кууп таркатылып, аны уюштурган жарандык активисттер сот тарабынан акчалай айыпка жыгылган учурлар болгон.

Митингге байкоо салып турган Алматы шаардык акимчилигинин өкүлү катталбаган уюмдардын акция өткөрүүсүнө уруксат берүүдө тандалма мамиле жок деп эсептейт.

“Буга чейин COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу шаар “кызыл тилкеде" болчу. Ал мезгилде бир дагы коомдук уюмга же башка бир тараптарга уруксат бербей, массалык иш-чараларды уюштурууга тыюу салып келгенбиз. Азыр эми илдет бир аз басаңдап, шаар “сары тилкеге" чыкты. Азыр башка санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге карата каралат. Ошондуктан бул иш-чарага уруксат берилди”, – деди Алматы шаардык мэриясынын өкүлү Айдар Эсенбеков.

Буга чейин кууп таратылгандар митингден пайдаланды

Ошол эле кезде бул акцияга каттоого алынбай, ишмердигине тыюу салынган саясий уюмдардын мүчөлөрү да келди. Катталбаган уюмдардын мүчөлөрү акциядан пайдаланып, митингде алардын конституциялык укугу бузулуп жатканын айтышты.

“405-берене боюнча бардыгын эле экстремизмге шек санап, камап жатышат. Ал эми биз болгону мына ушундай эле тынч митингге чыгып келдик. Курал-жарагы жок эле саясий акцияларга чыккан биздин санаалаштарды кармап, камап келишти. Тынч жыйындарга чогулуу биздин жарандык укугубуз болчу. Чындыкты айтканыбыз үчүн, кармап, камап жатышат”, -деди каттоого алынбаган “Көчө” саясий уюмунун тарапташы Байбак Билалов.

Буга чейин “Көчө" партиясы менен "Казакстандын демократиялык тандоосу" партиясын сот экстремисттик деп таап, алардын ишмердигине тыюу салган чечим кабыл алган. Алардын лидерлери кармалып, камакка алынганы белгилүү.

Бир тууган Меңдыгазиевдерди, Амангелди Оразбаевди, Орынбай Охасовду, Маруа Ескендированы жана Дархан Кайырбаевди колдоо акциясы. Орол шаары. 11-июнь, 2021-жыл.
Бир тууган Меңдыгазиевдерди, Амангелди Оразбаевди, Орынбай Охасовду, Маруа Ескендированы жана Дархан Кайырбаевди колдоо акциясы. Орол шаары. 11-июнь, 2021-жыл.

Бул эки партиянын тарапташтары сот чечимине каршы саясий акцияларды уюштуруп, аны артка кайтарууну талап кылып келишкен.

Санариптик тутумду орусиялык компаниянын тейлөөсүнө берүү демилгеси казакстандык IT-адистердин дагы нааразылыгын жараткан. Ага Казакстандагы укук коргоочулар коому дагы кошулуп, өкмөттү аталган алдын ала макулдашуудан баш тартууга чакырган.

XS
SM
MD
LG