Жекшембиде Шотландиянын Глазго шаарында Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшүнө арналган конференциясынын расмий ачылышы болду. БУУнун эң масштабдуу конференциясын айрымдар Жер планетасын сактап калууга багытталган “акыркы аракет” катары сыпаттоодо.
Дүйнө лидерлери климаттын өзгөрүшүн талкуулайт
Конференция COVID-19 пандемиясынын курмандыктарын эскерүү менен башталды. Дүйшөмбүдө дүйнө лидерлери катыша турган саммит конференциянын алкагындагы эң ири иш чара болуп саналат. Ага АКШнын президенти Жо Байден, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана башка лидерлер катышат. Алардын көбү Глазго шаарына Римде болуп өткөн “Чоң жыйырманын” саммитинен кийин келишкен.
“Чоң жыйырманын” саммити аяктаган соң АКШнын президенти Жо Байден журналисттерге чыгып сүйлөп, АКШ өзүнө жүктөлгөн бардык милдеттенмелерди аткарарына жана климаттын өзгөрүшү менен күрөшүүгө багытталган чыгымдарды АКШнын Конгресси бекитип берерине ынандырды. Ошол эле учурда Байден бул багытта Орусия менен Кытай “Чоң жыйырманын” алкагында “өзүлөрүн анчейин көрсөтө албаганын” айтып, көңүлү калганын билдирди.
Саммитке Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кытайдын лидери Си Циньпин видео байланыш аркылуу катыша турган болду.
Конференцияга Британиянын ханзаадасы Чарлз да катышат. Ал бул саммитти планетаны сактап калуунун “акыркы мүмкүнчүлүгү” деп атаган. Ал эми Британиянын премьер-министри Борис Жонсон саммит “чындык ашкерелене турган учур” болорун билдирген.
“Бүгүн баары бир эле суроону берип жатат - биз бул учурдан пайдалана алабызбы же кол жууп калабызбы?”, - деди Борис Жонсон конференциянын алдында сүйлөп жатып.
“Чоң жыйырманын” Римде болуп өткөн саммитине катышкан өлкөлөр декларация кабыл алышып, анда атмосферага чыккан уулуу газдардын көлөмүн нөлгө түшүрүү боюнча узак мөөнөттүк стратегияларын 2030-жылга чейин иштеп чыгууга макулдашкан.
“COP26” деп аталган бул саммитке төрагалык кылган Алок Шарма Глазгодо кабыл алына турган чечимдер буга чейин 2015-жылы декабрда кабыл алынган Париж келишимине салыштырмалуу катаал болушу керек деп билдирүү тараткан.
“Бул конференция биздин биригүүгө болгон акыркы эң жакшы мүмкүнчүлүгүбүз. Биз сүйлөшүүлөрдү тездетип, жашыл экономиканы куруп, энергиянын таза булактарына өтүшүбүз керек. Бул маселеде же баарыбыз утабыз, же баарыбыз бирдей утулабыз”, - деди Алок Шарма конференцияны ачып жатып.
Глазгого чогулган дүйнө лидерлери буга чейин кабыл алынган Париж келишим боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүүдө. Аталган келишимди ратификациялаган өлкөлөр абанын жылышын 1,5 градустан ашырбоого белсенген.
2017-жылы АКШнын президенти Доналд Трамп Париж келишиминен чыкканын жарыялаган. Бирок анын ордуна шайланып келген Жо Байден 2021-жылдын февраль айында кайрадан бул келишимге кошулган.
БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча башкы өкүлү Патрисия Эспиноса абанын температурасынын жогорулашын токтотуу үчүн 2030-жыга чейин абага бөлүнүп чыккан уулуу газдардын көлөмүн 45% азайтуу керектигин айткан. Бирок 100 өлкөнүн көрсөткүчтөрү камтылган анализге ылайык бөлүнүп чыккан газдар айтылган убакытка чейин тескерисинче 16% жогорулашы мүмкүн.
Глазгодогу конференцияга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышат. Мамлекет башчы дүйнө лидерлеринин саммитинде кайрылуу жасары күтүлүүдө.
БУУнун климаттын өзгөрүшүнө арналган конвенциясы 1992-жылдын 9-майында кабыл алынып, 1994-жылдын 21-мартында күчүнө кирген. Учурда конвенцияга 196 өлкө жана Евробиримдик кирет.
Глобалдык климаттын өзгөрүшүнүн эпкини тийген Кыргызстандын экосистемасы кандай камкордукка муктаж?
Мөңгүлөр азайып баратат
Борбор Азиядагы Жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматына таянсак, соңку 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16% чейин азайды. Илимпоздордун келечекке жасаган божомолдору көңүл жубатарлык эмес.
2100-жылга барып майда мөңгүлөр толугу менен эрип жок болуп, ак кар, көк муздун аянты 50% чейин кыскарышы мүмкүн. Соңку 50 жылда мөңгүлөрдүн аянты 6683 чарчы чакырымга же 16-17% кыскарып кеткени белгилүү болду.
Кыргызстандын жалпы аянтынын 4% ак кар, көк муз жамынган тоолор түзөт. Борбор Азия чөлкөмүндөгү мөңгүлөрдүн 45% Кыргызстанга туура келет. Бүгүнкү күндө 9959 мөңгү бар. Алардын көпчүлүгү Ысык-Көл жана Нарын облусунда жайгашкан. Ири муз катмарлары дагы ушул аймактарда. Мындан тышкары Алай тоо кыркасында да мөңгүлөр көп. Мөңгүлөрдүн Кыргызстандын сууларындагы үлүшү жай мезгилинде 50-70% чейин жетет. Бул сандар Кыргызстандагы табигый байлыктын Борбор Азиядагы ролунан даана кабар берет.
Сестенткен сел
Жыл башынан бери Кыргызстанда 17 сеп каптоо болуп, 10 адамдын өмүрү кыйылды. Күн жылып, жамгыр күчөгөн сайын жылына сел жүрүп, жер көчөт. Ар жыл сайын өкмөт сел, суу ташкыны жана жер көчкү сыяктуу кырсыктардын кесепеттерин жоюуга миллиондогон сом бөлөт.
Июлдагы суу ташкын Сузак районунда алты жаштагы баланын, Лейлекте 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алды. 12-июлда Аксы районунда сегиз кишини сел агызып кеткен.
Он күн аралыгында Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Ак-Терек айылында эки жолу сел жүрдү. Отуздай үй-жай талкаланган.
30-июлда Ысык-Көл облусунун 4 району жана 2 шаарында катуу нөшөрдөн улам кыян жүрүп, бир нече үй жана жолдор жабыркаган. Караколдо 100 миң долларга салынган River park эс алуу жайын суу алып кеткен.
Адистердин эсебинде, соңку 30 жылдагы сел менен жер көчкүнүн кесепеттеринин чыгымын иликтесе, бир нече миллиард сомго жетет. Тилекке каршы мындай чыгаша жыл сайын көбөйүп баратат. Кыргызстанда 3103 дарыя болсо алардын 2500дөн көбү күн жылыганда нугунан чыгып, суу каптоо коркунучун пайда кылат.
2000-жылга чейин өлкөдөгү токой аянты кескин азайган. Буга элдин социалдык-экономикалык оор абалы түрткү болгон. Соңку 20 жылда бир топ токой аянттары кайра калыбына келгени менен мал көбөйгөн сайын жер кыртышынын сапаты начарлап, бузулуп барат.
Ушул тапта сел жүргөн аймактардын топурагын изилдөө, дамба куруу сыяктуу чакан долбоорлор ишке ашырууда. Ошол эле маалда жер кыртышын оңдоо, жайыт саясатын туура жүргүзүү, суу каптоонун, жер көчкүнүн алдын алуу боюнча стратегиялык пландар азырынча токтоп турат.
Булганган абанын азабы
Кыргызстанда абанын булганышы жылдан жылга курч маселеге айланып баратат. Өлкөнүн ири шаарларын кыш түшкөндө көк түтүн каптайт. Быйыл январдын башында Бишкек дүйнөдө абасы булганган шаарлардын тизмесинин сап башына чыгып кетти. Абанын сапатын иликтеген "World Air Quality" уюмунун иликтөөсүндө 3-4-январда Кыргызстандын баш калаасында абал кооптуу чекке жеткен. Бул уюмдун абанын сапатын аныктаган индексинде Бишкекте абанын сапатынын көрсөткүчү (AQI) 525ге чыккан. Бул сан 300дөн ашса абал өтө кооптуу дегенди түшүндүрөт.
Адистердин эсебинде, атмосферага чыккан зыяндуу газдардын эң көп үлүшү жылуулук электр станцияларына (67%), кайра иштетүүчү ишканаларга (27%) жана тоо-кен өндүрүшүнө (6%) туура келет. Бул үч сектор абаны булгаган уулуу заттардын 94,4% жакынын бөлүп чыгарат.
Бишкек менен Оштун абасын негизинен жылуулук электр станциялары жана автотранспорттон чыккан түтүн булгайт.
Абанын жана суунун булганышы адамдын саламаттыгы үчүн кооптуу фактор болуп калды. Дарыгерлер өпкөнүн өнөкөт илдети, жүрөктүн кемтик оорусу, дем алуу органдарынын дарттары кандайдыр бир деңгээлде абанын жана суунун булганышына байланыштуу экенин айтышат.
Такырайып жаткан жайыттар
Кыргызстандын жалпы аянты 20 млн. гектар болсо, анын 9 млн. гектарын жайлоо менен жайыт ээлеп жатат. Бир кезде көк майсаң баскан жайлоолор төрт түлүк малдын көбөйгөнүнөн, кен-байлыктарды казуудан жана климаттын өзгөрүүсүнөн улам жылдан жылга кыскарууда.
Ондогон жыл мурда жайыттар өлкөнүн жалпы аймагынын 50% ээлеп турса, cоңку беш жылда эле алардын аянты 25 миң гектарга кыскарган.
Расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда учурда 1 млн. 700 миң баш ири мүйүздүү мал, 6 млн. 200 миң кой-эчки жана 550 миңден ашуун баш жылкы каттоого алынган. Төрт түлүк баккандар негизинен Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарында басымдуу.
Кургакчылыктын кесепети
Борбор Азияны куураткан кургакчылыктан Кыргызстан да жапа чегип келет. Жай саратанда жаан жаабай, суунун тартыштыгы экономикалык проблемаларды курчутту. Анын үстүнө совет заманынан калган бетон каналдар менен ирригациялык инфраструктуранын айынан суунун көбү жарым жолдон жерге сиңип, эски система жаңы талаптарга жооп бере албай калганы айдын ачык.
Кыргызстандын бардык аймагында быйылкы кургакчылыктын айынан чөп жакшы чыкпай калды. Эгин талаалары кургап, мөмө-жемиш бышпай, малга тоют камдоо чоң көйгөйгө айланды. Жай маалында бир түк чөптүн баасы талаада орулган жеринде орточо 300 сомдон сатылды. Мындан улам карапайым айылдыктар малынын көбүн сатып, жем-чөбүн камдоонун аракетин көрдү.
Айыл жана суу чарба министрлиги август айында малдын тоюту былтыркыга салыштырганда аз камдалганын билдирген.
Биотүрдүүлүк азайып баратат
Кыргызстандын экосистемасы мурда болуп көрбөгөндөй жабыркап, өсүмдүктөр менен жан-жаныбарлар азайып баратканы белгилүү. Илимге таянсак, мекенибизде дүйнөдө табылган биологиялык түрдүүлүктүн бир пайызга чукулу учурайт. Башкача айтканда, Кыргызстанда 26 500дөй түрдүү өсүмдүк, жан-жаныбар, вирус-бактерия жана башка тирүү организмдер кездешет.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги былтыр жыл соңунда биотүрдүүлүк боюнча кезектеги улуттук баяндасын жарыялады. Мамлекет жаратылышка кам көрүүгө бюджеттен жарым пайызга жетпеген (0,12%) акча бөлөт. Бул каражат экосистеманын деградациясын токтотууга, жайлоолорду калыбына келтирүүгө, токойлорду кеңейтүүгө, жан-жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүн камкордукка алууга жетишсиз.
Ага карабай, кыргыз өкмөтүнүн биотүрдүүлүктү сактоо багытындагы маалыматы чеке жылытат. Соңку алты жылда коруктардын аймагы 14 эсе көбөйгөн.
Токойлордун жана жайлоолордун айрым бөлүгү камкордукка алынып, жапайы жаныбарлардын маалымат базасы түзүлдү. Ысык-Көлгө 120 миңден ашуун чабак коё берилди. Үч миң гектарга чукул аянтка грек жаңгагы тигилди. Ошондой эле жан-жаныбарлар менен өсүмдүктөргө зыян келтиргендер үчүн 50 минден 150 миң сомго чейин айыппул көтөрүлдү. Коңшу өлкөлөр менен өзгөчө корголгон төрт корук түзүү тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканы белгилүү болду. Ал аймактарда илбирс, кулжа жана марал сыяктуу сейрек кездешүүчү жаныбарлар коргоого алынат.
Кыргыз жерин желим каптады
Кыргызстанда күнүнө же жылына канча желим баштык, идиш колдонулары эсептелген эмес. Бирок өлкөдө желим буюм-тайым чыгарган жеке ишканалар арбын.
"Тазалык" муниципалдык ишканасы Бишкекте күн сайын 500 тоннанын тегерегинде таштанды чыгарат. Активисттердин эсебинде, анын 40% полиэтиленден жасалган буюмдар түзөт.
Маалыматтарга таянсак жерде жаткан пластик оокат 100 жылдан кийин гана чирийт. Ал эми биобаштыктар 24 айда жок болот.
БУУнун маалыматына караганда, азыр дүйнөдө 40 жыл мурун сейрек пайдаланылган целлофан баштыктар жылына бир триллиондон көп өндүрүлөт. Желим океандардын түбүнөн тартып Эвересттин чокусуна чейин жетти. Деңиз жаныбарларынын курсагынан пластик табылганы да эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурду. Эгер бул тенденция сакталса, "2050-жылга карай океандарда балыкка караганда пластик көп болот" деген божомол бар.
Бүгүн желим баштыкты жана буюмдарды ар бир үйдөн көрүүгө болот. Күндөлүк турмушта эсепсиз колдонулгон пластикти кантип чектеп, жаратылышты сактап калсак болот?