Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

"Google, Facebook салык төгөт". Жаңы кодекстеги өзгөртүүлөр


Кыргыз валютасы.
Кыргыз валютасы.

Жогорку Кеңеште Салык кодексинин толук өзгөртүлгөн долбоору биринчи окууда каралды. Министрлер кабинети жаңы салык мыйзамдары өлкөдөгү көмүскө экономиканы кыскартууга багытталган жана заманбап бизнеске ылайык жазылганын билдирүүдө. Бирок серепчилер андагы тобокелдиктерди белгилеп жатышат.

Ошентип, октябрдын башынан бери Экономика министрлигинин сайтында турган “Салык кодексинин" долбоорунун концепциясы парламентте биринчи окуудан өттү.

Жаңы салык кодексинин кыскача мазмуну

Бул 2008-жылы кабыл алынган кодекске өзгөртүү эмес, 449 беренеден турган жаңы долбоор. Анда салык төгүүчүнүн жоопкерчилиги, салык кызматынын укуктары, салык чогултуунун чаралары заманга шайкеш келтирилгени айтылып жатат. Демилгечилердин жаңы Салык кодексинде баса белгилеп жаткан айрым сунуштарын санап берели:

  • Өлкөдө бизнести узак мөөнөттүү пландоого шарт түзүү жана экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн Салык кодексине бир жылда бир жолу гана өзгөртүү киргизүү каралган.
  • Салык системасында эки режим болот. Бири – жеңилдетилген чакан жана орто бизнеске багытталган. Экинчиси – ири ишканаларга каралган. Башкача айтканда, жылдык кирешеси 30 миллион сомдон ашпаган ишкана сатуудан жана жеткирүүдөгү кошумча нарк салыгынын ордуна кварталына бир жолу отчет берип, бирдиктүү салык төлөө менен иштөөгө мүмкүнчүлүк алат.
  • Салыкты аралыктан башкаруу системасы сунушталды. Мында компания мамлекеттик органга бухгалтердик системасын көрүүгө уруксат берсе, айрым салыктык текшерүүлөрдөн кутулат.
  • Салык келишимдери менен милдеттүү патент жоюлат. Учурда муну менен көбүнчө кызмат көрсөтүү тармагындагы орто бизнес иштеп келген. Эми алардын салык тарифин Министрлер кабинети аныктайт.
  • Салык кызматынын инспекторлоруна зарыл болгон учурда алгачкы тергөө жүргүзүүгө укук берилет.
  • Электрондук соодага салык киргизилип, Google же Facebook сыяктуу чет өлкөлүк интернет ишканалардын өлкөдөн тапкан пайдасынан салык алынат.
  • Сashback системасы сунушталууда. Жөнөкөй тил менен айтканда жаран соода кылган учурда дүмүрчөгүн талап кылып, аны менен атайын порталдан короткон акчасынын кайсы бир пайызын кайтарып алууга болот. Бул кардар аркылуу бардык соода-сатык, кызмат көрсөтүүнү фискалдаштырууга багытталган.

Жаңы салык кодексиндеги жеңилдиктер

Жогорку Кеңештин 27-октябрдагы жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев азыркы салык мыйзамдары 10 жылдан бери 130дан ашык өзгөртүүлөргө дуушар болгонун, жаңы кодексти кабыл алуу замандын талабы экенин белгиледи. Өлкөнүн башкы экономисти жаңы салык мыйзамындагы жеңилдиктерге токтолду.

“Долбоордо төмөнкү тармактарда салыктар жеңилдетилди. Тигүү тармагында бирдиктүү салык, зергердик тармагында кошумча нарк салыгы жеңилдетилет. Авиациялык тармакта учактарды баасы жогору болгондуктан ташып келүүдө нарк салыгы жеңилдетилет, электробустар дагы кошумча нарк салыгынан бошотулду. Жогорку технологиялар паркына төмөндөтүлгөн 5% салыгы сакталып калды. Накталай эмес сатууда салык 0% сакталып калды. Уюлдук операторлор үчүн сатууда 5% ченем сакталып калды. Мектеп жана бала бакчаларга жеңилдетилген ченем сакталып калды”, - деди Амангелдиев.

Эл өкүлдөрүн чочулаткан беренелер...

Парламенттеги талкууга Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров келип, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна көбүнчө өзү жооп берди.

Депутат Абдывахап Нурбаев укук коргоо органдарынын киреше салыгынан бошотулуп калганын сынга алды.

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

"Ошол эле мугалим менен медиктердин жашаган үйүн жана машинасын бажычылардыкы менен салыштырып көрсөңүз. Бул кандай адилеттүүлүк болот? Булар айлыгы аз болуп, салык төлөп атат", - деди эл өкүлү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жакынкы жылдары бардыгы салык төлөй турганын билдирди. Дегеле, Жапаров депутаттардын суроо-сунуштарына “долбоор концепциясын кабыл алып берсеңер, экинчи окууга чейин бардыгын чогуу иштеп чыгабыз” деп жооп берип жатты.

Айрым депутаттар жаңы кодекстеги 100 миң сомдон ашык карызы болсо ишкана жетекчилерин чет мамлекетке барышына чектөө жана банктар салык кызматынын суроо-талабы боюнча үч күн аралыгында салык төлөөчүнүн эсеби жана операциялары боюнча маалымат бериши керек деген беренелерге тынчсыздануусун билдирди.

Буга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мындай жооп берди.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

“Өздөрү салык төлөбөй Дубай менен Лондондо эс алып жүрүшөт. 100 миң сомду төлөп коюп чыга беришсин. Коңшу өлкөлөрдө бул система катуу иштеп жатат. Ал эми банк эсептери соттун чечими менен болот. Дүйнө жүзүндө бардык мамлекеттик салык органы текшерсе банктар эсептерди берет. Кыргызстан демократия аралчасы болуп киргизип алган”, - деди Жапаров.

Буга чейинки мамлекеттик органдардын маалыматына ылайык, ишкерлер менен жарандардын салык карызы 24 млрд. сомду түзөт. Карызын 165 миң киши төлөбөй жүрөт. Эл аралык ишкерлер кеңеши мындай чектөөлөр Конституцияга каршы келет деген билдирүү таратышкан.

"Мындай мыйзам демилгелери банк ишмердигинин негизине доо кетирет деп эсептейбиз. Кардарлардын банкка болгон ишениминин көрсөткүчү банктык купуялуулуктун сакталышына байланыштуу. Анан калса, мындай өзгөртүү киргизүү банк купуялуулугу деген түшүнүктүн жоголушуна алып келет. Өз кезегинде мунун бардыгы банк купуялуулугу деп эсептелген маалыматтардын абийирсиз кишилер тарабынан башка максаттарга колдонулушуна алып келиши ыктымал", - деген Эл аралык ишкерлер кеңеши.

Кыргызстандын бийлиги Салык кодексинин жаңы редакциясын быйыл жыл башында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен даярдай баштаган. Документ салыктардын бир нече түрүн бириктирүү, администрациялоону жеңилдетүү жана башка максатта жаңыланары айтылган. Кодекстин долбоору боюнча бир нече бизнес уюмдары президентке кайрылып, бир топ сунуштарын жөнөтүшкөн.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG