Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:29

Блогер Гүлзат Мамытбек кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коомчулукка Гүлзат Мамытбек деген ат менен таанымал блогер Гүлзат Алымкулова Жазык кодексинин 204-беренесинин (“Алдамчылык”) негизинде шектүү катары кармалды. Бул тууралуу 26-октябрда “Азаттык” радиосуна Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, ага каршы арыз менен Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жети адам кайрылып, жалпысынан андан 110 миң долларлык зыян тартканын айтышкан. Арыз жазгандар ал “Адамдардын ишеничине кирип, тез арада өтө көп киреше табууну убада кылып, милдеттенмелерин аткарбастан жашырынып кеткен” деп билдиришкен.

Сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканы, ал Кыргызстандан 2020-жылдын февралында чыгып кеткени, кылмышка шектелип жатканы өзүнө ошол жылдын 8-июнунда айтылганы, 13-июлда бөгөт чарасы (Бишкектин №1 тергөө абагына камоо) аныкталганы, бирок өзү издөөдө болгондуктан иш убактылуу токтотулганы маалымдалды.

Милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, кылмышка шектүү 25-октябрда Кыргызстанга кайтканда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Гүлзат Алымкулова буга чейин Түркияда иштеп жүргөнүн “Инстаграмдагы” баракчасы аркылуу айтып келген. Ал өзү же адвокаттары милициянын маалыматы тууралуу азырынча билдирүү же комменатрий берише элек. (RK)

XS
SM
MD
LG