Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:26

Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү


Асман шаарынын долбоору.
Асман шаарынын долбоору.

Мамлекеттик дирекция Ысык-Көл облусунда "Экологиялык таза Асман шаары" долбоорун ишке ашыруу максатында Министрлер кабинетинин 8-октябрдагы токтому менен түзүлгөн. Өкмөттүн сайтындагы маалыматка караганда, Мамлекеттик мүлк фондуна Балыкчы шаардык мэриясы менен чогуу дирекцияны имарат менен жабдуу тапшырылды.

Дирекция Асман шаарын долбоорлоо жана курууда мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин жарандык коом, жеке адамдар, эл аралык уюмдар менен биргелешип иштөөсүн камсыздайт.

Дирекциянын чыгашасы бюджеттен тышкары Кыргызстанда тыюу салынбаган каражаттардан каржыланат. Жаңы мекеменин башкы директорун Министрлер кабинети дайындайт жана бошотот. Эки орун басары болот, аларды кызматка дайындоо жана бошотуу укугу башкы директордо болот.

6-июнда президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Равшанбек Сабиров туристтик жана инвестициялык кудурети жогору аймактарды өнүктүрүүгө байланыштуу жыйын өткөргөн. Анда Ысык-Көл облусуна Асман деп аталган, жарым миллион туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун жарыялап, 7-10 жыл ичинде шаар курулуп бүтүп калары айтылган.

Расмий маалыматка караганда, Асман шаарын курууга болжол менен 20 миллиард АКШ доллары кетет. Долбоор Бишкекке жүк келтирбөө, туризмди өнүктүрүүнү көздөйт.
Бирок айрым адистер мындан көлдүн экологиясы бузулушу ыктымалдыгын айтып, андан көрө бар шаарларды оңдоп, өндүрүштү жандантууну айтып чыгышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG