Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:11

“Адилет” клиникасы: "Ала-Арча" резиденциясына жылына 111,6 млн. сом чыгым кетет


"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы.
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы.

"Адилет" укуктук клиникасы Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жашоого укуктуулар, азыр жашап жаткандар, ал жерде өткөрүлүүчү бейрасмий иш-чаралар, тейлөө жана камсыздоо үчүн мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп жаткан акча боюнча президенттик администрацияга жазган кайрылуусуна жооп алды. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси Чолпон Жакупова билдирди.

Анын айтымында, алар 92 барактан турган кат алышты. Анда резиденцияда жашагандардын аты-жөнү тууралуу так маалымат жок. Президенттин иш башкармалыгы муну кызматтык керектөө үчүн пайдаланыла турган гана маалымат экенин кабарлап, ачыкка чыгарган эмес.

Чолпон Жакупова резиденцияда жашагандардын тизмеси 2016-жылга чейин ачык болгонун белгилеп, эң жогорку кызмат адамы президент ошол жерде турганы дайын болгондон кийин, башкалары деле ачык болуш керек деп эсептейт.

Президенттик администрациянын жообунда президентке берилген кепилдиктер үчүн 5 млн. 196 миң сом каралган.

“Ошол эле мезгилде президенттик администрация башка кызмат адамдарынын чыгымдарын тактаган жок. Бирок ошого карабай резиденциянын жылдык жалпы чыгымы 111 млн. 616 миң сом экен. Эгер мындан президентке каралган каражатты кемитсек, анда 108 млн. сом калат. Башкача айтканда, каражаттын 97% түздөн-түз президентке тиешеси жок. Администрация кызмат адамдары коммуналдык кызматтарды өздөрү төлөйт деп, айтып жатышат. Анда башка акча каякка кетип жатат?” - деп суроо коёт Жакупова.

"Адилет" укуктук клиникасы тиешелүү өтүнүчүн сентябрдын башында жөнөткөн. Анын алдында айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) резиденцияда жашоо укугуна ээ кызматкерлердин катарына кирбесе да мекеменин азыркы жетекчиси Камчыбек Ташиев “Ала-Арчада” жашап жатканы, уулунун үлпөт тоюн өткөргөнү тууралуу маалымат тараган. Ютубдагы Temirov Live KG каналы бул боюнча иликтөө жарыялаган.

Президенттик администрация аз күн мурда Ташиев резиденцияда жашап жатканын журналисттерге ырастаган. Kaktus.media өзү тапкан маалыматтарга таянып, Камчыбек Ташиев резиденцияда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев курдурган үйдө турганын маалымдаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG