Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Пандемияда каза болгон медицина кызматкерлерине эстелик тургузулду


Пандемияда каза болгон медкызматкерлерге арналып тургузулган айкел.
Пандемияда каза болгон медкызматкерлерге арналып тургузулган айкел.

Бүгүн, 19-октябрда Бишкек шаарында пандемия учурунда кесиптик милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон медицина кызматкерлерине жана медициналык окуу жайлардын студенттерине арналган айкел ачылды. Эстелик Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын башкы корпусунун жанындагы гүл бакчада орнотулган.

Анын ачылыш аземине мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышып, Кыргызстандын эли оор мезгилди башынан кечиргенин, коронавирус менен күрөшүүдөгү дарыгерлердин өлчөнгүс эмгеги жана каармандыгын белгиледи. Иш-чарага курман болгон дарыгерлердин туугандары жана кесиптештери, медицина кызматкерлери катышып, эстеликке гүл коюшту. Маркумдарды бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти.

Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө алты миңден ашуун медицина кызматкери коронавирус менен ооруп, анын 123ү каза болгон. Анын ичинде 79 дарыгер жана 44 орто медициналык персоналдын өкүлдөрү бар. Вирус жалпы 3400дөн ашуун медициналык кызматкерге жуккан.

Коронавирус инфекциясына байланыштуу "кызыл зонада" иштеген медицина кызматкерлерине эки-үч айдан бери айлык берилбей жатканы бүгүн, 19-октябрда Парламенттин комитетинде каралды. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айлык төлөөгө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна (ФОМС) 408 млн., министрликке 100 млн. сом зарыл экенин билдирди. Ал Жогорку Кеңеш каражат маселеси чечилсе жума соңуна чейин маяна берилерин айтты.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 19-октябрда ооруну жугузуп алган эки бейтап каза болду. 93 адамдан коронавирус инфекциясы жаңы аныкталды. Илдеттен каза болгондордун бардыгы вакцина албагандар. Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 180 006 адамга жетти. Жалпы 2 638 адам каза болду. Азыр 571 адам ооруканада, 527 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Кыргызстанда инфекцияга каршы эмделгендердин жалпы саны 1,6 миллиондон ашты. Алардын 914 миңге жакыны вакцинанын биринчи дозасын алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG