Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:26

Кыргыз-тажик чегиндеги жаңжалга байланыштуу 527 кылмыш иши иликтенүүдө


Апрелдин аягындагы жана майдын башындагы чатакта жабыркаган Баткендеги үйлөр.
Апрелдин аягындагы жана майдын башындагы чатакта жабыркаган Баткендеги үйлөр.

Быйыл жазында Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнүн алкагында 527 материал иликтенип жатат. Бул тууралуу 19-октябрда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Азамат Дүйшөналиев Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 330 экспертиза дайындалган, алардын жарымынын жыйынтыгы даяр болуп калды.

Кыргызстанда январь-сентябрь айларында жалпы 66 миң 274 кылмыш, 57 миң 889 жорук катталган.

28-30-апрелде, 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 140 турак жай, беш мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара бекети жана бир клуб толугу менен талкаланган.

Тажикстандын Согд облусунда 14 турак жай бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон. Эки өлкө бул үчүн бири-бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (ErN\RK)

XS
SM
MD
LG