Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:09

Эсеп палатасы Кумтөрдөн түшкөн 5 млрд. сом максатсыз колдонулганын аныктады


Кумтөр кенинен түшкөн салыктардын акыркы жылдардагы көрсөткүчтөрү. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы.
Кумтөр кенинен түшкөн салыктардын акыркы жылдардагы көрсөткүчтөрү. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы.

2020-жылы “Кумтөр Голд Компани” ишканасынан түшкөн 5 млрд. сом максатсыз колдонулганы аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынын былтыркы жылкы республикалык бюджетти аткарууну текшерүүнүн жыйынтыгында баяндалат.

Аудит көрсөткөндөй, өкмөт 3 млрд. 843 млн. сомду бюджеттин чыгашасын жабууга жумшаган. Мындан тышкары 1 млрд. 72 млн. сом “Ишкерчилик субъектилерин каржылоо” программасынын алкагында керектелген. Ошондой эле, 522 млн. сом казына системасынан сырткары пайдаланылган, ал 2020-жылкы бюджеттин чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлбөй калган.

Мурдараак Мамлекеттик салык кызматы кабарлагандай, 2020-жылы кенден 9 млрд. 985,1 млн. сом салык түшкөн.

Кыргызстандын республикалык бюджети былтыр 137 млрд. 100 млн. сом киреше, 172 млрд. 700 млн. сомго чыгаша менен чыккан. Натыйжада дефицит 35,6 млрд. сом болуп, Кыргызстандын эгемен тарыхындагы рекорддук чекке жеткен. Өкмөт тартыштыкты сырттан алынган насыя жана башка каражаттар менен жапкан эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG