Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:17

"Росбалт" жана Republic чет элдик агенттер тизмесине киргизилди


Republic басылмасынын ээси Александр Винокуров жубайы, "Дождь" телеканалынын ээси Наталья Синдеева менен. Аталган телеканалды дагы орус бийлиги чет элдик агенттердин тизмесине киргизген.
Republic басылмасынын ээси Александр Винокуров жубайы, "Дождь" телеканалынын ээси Наталья Синдеева менен. Аталган телеканалды дагы орус бийлиги чет элдик агенттердин тизмесине киргизген.

Орусиянын Юстиция министрлиги "Росбалт" маалымат агенттигинин жана Republic басылмасынын негиздөөчүлөрүн чет элдик агент деп мүнөздөлгөн маалымат каражаттарынын реестрине киргизди.

Сайттагы тизме 15-октябрда жаңыртылды. Эми анда 88 басылма, журналисттер жана укук коргоочулар бар. Министрлик тизмеге кирүү себептерин түшүндүрбөй келет. Мыйзамга ылайык, эгер редакция чет өлкөлүк уюмдан же жарандан бир жолу акчалай котормо алса да агенттердин реестрине киргизилет.

Republic басылмасы 2009-жылы Slon.ru деген аталышта негизделген. Адегенде бизнес темасына багытталган. 2016-жылы аталышын, 2020-жылы концепциясын өзгөртүп, микро-медиа платформасы катары иштей баштаган.

Башкы редактору Дмитрий Колезев басылма чет элден каржыланбай турганын, абоненттердин акчасы менен күн көрүшөрүн билдирди.

"Росбалт" агенттигин Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча Орусиянын федералдык кызматынын мурдагы башчысы жана Мамлекеттик Думанын депутаты Виктор Черкесов менен байланыштырышат.

Ал КГБ кызматында Владимир Путиндин жакын досу болгону айтылган. Черкесовдун аялынын аты басылманын сайтында долбоордун менежери катары жазылган.

2007-жылы Черкесов "Коммерсантъ" гезитине орус атайын кызматындагы тиреш тууралуу макала жарыялаган. Маалымат каражаттары ошондон кийин Черкесов менен Путиндин мамилеси бузулганын жазышкан.

XS
SM
MD
LG