Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Журналист Макешовдун 60 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү


Кабыл Макешов китебинин бет ачарында. 2021-жылдын 11-октябры.
Кабыл Макешов китебинин бет ачарында. 2021-жылдын 11-октябры.

Бишкекте "Журналист - кыргыз спортунун барометри" аттуу илимий-практикалык конференция өттү. 11-октябрда өткөн бул иш-чара Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Улуттук олимпиада комитетинин аткаруу комитетинин мүчөсү, спорттук баяндамачы, журналист Кабыл Макешовдун 60 жылдык мааракесине арналып уюштурулду.

Ушул эле күнү Кабыл Макешовдун "Кыргыз Республикасы Олимпиадалык оюндарда" аттуу китебинин бет ачары Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өттү. Китепте Олимп оюндарына катышкан спортчулар тууралуу маалыматтар камтылган.

Макешов 1961-жылы 11-октябрда Нарын районунун Эчки-Башы айылында туулган. Эмгек жолун облустук "Нарын правдасы" гезитинде баштаган. Журналист спорттук баяндамачы катары 11 кышкы жана жайкы Олимпиадага барып, жеринен маалымат берип турган. 1994-2014-жылдар аралыгында "Азаттык" радиосунда кабарчы болуп иштеген.

Бир нече ирет "Кыргызстандын мыкты спорттук журналисти" деп таанылган. "Кыргызстандын дене тарбиясы жана спортунун отличниги" төш белгисин алган. Ал "Азамат Алтай" фондунун негиздөөчүлөрдүн бири. "Кыргыз спортунун тарыхы" жана "Спорттук энциклопедия" баштаган 16 китептин автору.

XS
SM
MD
LG