Өткөн доордун 80-жылдары Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры Шекспирдин “Король Лир” трагедиясын койгон.
Спектаклдин финалдык бөлүгү. Сахнада Лир падыша кичүү кызы Корделияны көтөрүп алып, көздөн жашын агызып монологун айтып келатат. Бери жакта турган жарык берүү цехинин башчысы Күстөбай аба:
- Деги артисттер, бир азап жан болосуңар,-деп калды.
- Эмне болду?
- Илгери Капар аба (Медетбеков) Отеллону ойноп, Дамираны (Дездемона)
аз жерден муунтуп сала жаздаган. Эми көтөрүп алып ыйлап келатканын карабайсыңбы,-дейт.
Спектакль аяктап, артисттер жай отуруп калганда Дамира Баратбаевадан ошондогу окуяны сурадым.
"1973-жылы болсо керек, анда эски театрда болчубуз. "Отеллону” коюп, Капар аба Отелло, мен Дездемонаны аткардык. Спектаклдин премьерасында Фрунзеден Күлүйпа Кондучалова баш болгон делегация келген. Зал толгон көрүүчү. Уктоочу бөлмөдөгү сцена, шам күйүп турат. Капар аба Отеллонун монологун айтып келип, Дездемонаны муунткан жеринде үнүм чыкпай муунуп баратам. Чындап эле муунтуп атат, демим чыкпай, көзүмдөн көпөлөктөр учуп аткандай болду. Оозумдан ак көбүк агып баратканын Күстөбай көрүп, көшөгөнү жаап жиберип, Капар абанын карышкан колун бошото албай жатышыптыр. Обкомдун үчүнчү секретары бар болчу, ал мени колуна көтөрүп, бетиме суу сепкенде эсиме келдим. Бир аз тыныгуудан кийин оюнду улантып аягына чыгардык. Капар аба “Кечирип кой кызым, образга кирип кетиптирмин” деп кутулду. Чынында, ошондо Капар абанын колу мойнума карышып калган",-деди Баратбаева.
Ошондо ал сахна артындагы дагы бир топ кызыктуу окуялар тууралуу кеп салган.
"Ягону ойногон Деңизбек Чалапинов чачын устара менен кырдырып вазелин сүйкөп алчу. "Бузукулук ойлорун" көшөгөдөн, ар кайсы жерден башын чыгарып айтып атканда көрүүчү аял таш менен башка бир койгон".
Нарын чакан шаар эмеспи, ошол окуядан кийин Дамираны атынан аташпай "Дездемона келатат" дешип, "Нарындын Дездемонасы" атыгат.
СССРдин Эл артисти Капар аба "классикалык образ болобу, жергиликтүү драматургиядагы ролдордун чоң-кичинесине карабай берилип ойнош керек, бүтүндөй күчүңдү жан дүйнөңдү берип аткаруу зарыл" деп айтып калчу.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дамира Баратбаева Нарын музыкалуу драма театрынын сахнасында 18 жашында чыгармачылык чыйырын баштаган. Ал театрда ырчылык жана актердук кесипти мыкты өздөштүрүп, жыйырма жылдан ашуун мезгилде кыргыз, орус, дүйнөлүк классикалык драматургиялык чыгармалар боюнча коюлган жетимишке жакын спектаклдерде ар кыл мүнөздөгү каармандардын образын жаратты.
Кыргыз театр өнөрүндө Шекспирдин "Отеллосунда" - Дездемона, "Король Лирде" - Гонерилья, Достоевскийдин "Кылмыш жана жаза" чыгармасында - Дуня, Абдымомуновдун "Ашырбайында" - Багдагүл жана башка каармандар Дамира Баратбаевага таандык, башкаларга окшобогон актердук чеберчиликтин үлгүсү болуп калды. Ошол эле учурда ырчылык өнөрдү аркалап жүрдү.
Күйөөсү белгилүү обончу жана аткаруучу Адылбек Кыязов экөө чогуу ырдап да жүрөт. Бир курдай ырчылык менен актердук шыктын айырмасы тууралуу сураган элем.
“Көркөм өнөр тармагындагы жанрларга карата айтсак, анча деле айырма жок. Анткени, ырчылык өнөрдө ырдоонун ыкмаларын дайыма пайдаланып, добуштун назик, уккулуктуу болушу үчүн көнүгүүлөрдү жасап, көрүүчүлөрдү тартып алыш үчүн актердук ыкманы пайдаланабыз. Ар бир ырды аткарганда ошол ырдын маани-маңызына жараша образ түзөбүз. Ал эми актердук кесипте музыкалык ритм, мукамдуу үн болбосо ал актер боло албайт. Мыкты актер болуш үчүн мыкты бийлеп, мыкты ырдап, музыкалык жактан шыктуу болуш керек",-дегени бар.
Дамира Баратбаева 2006-жылдан азыркы учурга чейин Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында актриса болуп эмгектенүүдө.
Ал Нарындагы театрда 1972-жылы эмгек жолун баштап, 1996-жылга чейин иштеди. 1996-1997-жылдары Бишкектеги Жаштар театрында директордун орун басары болгон. Андан кийин эки жылдай Кыргыз радиосунда режиссер, 2000-2006-жылдары "Учур" театрында актриса болуп эмгектенди.
2007-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алды. Жолдошу белгилүү обончу, аткаруучу Адылбек Кыязов. Бир кыз, бир уулу бар.