Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

Кунарда талибдер дайындаган полиция башчысы жардыруудан каза тапты


Асадабад шаары. Архивдик сүрөт
Асадабад шаары. Архивдик сүрөт

Ооганстандын Кунар провинциясынын борбору Асадабад шаарында бейшембиде бомба жарылды. Андан талибдердин райондук полиция башчысы, дагы 11 киши каза болду. Күбөлөрдүн айтымында, кол салгандар Шигал районунун полиция жетекчиси Абдулла Ирфанды бутага алышкан. “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат таратышкан жок.

Шаардык оорукананын атын атабаган дарыгери “Азаттыктын” ооган кызматына айтып бергендей, аларга жаракат алган 12 кишини алып келишти. Жетөө карапайым адамдар, арасында мектеп окуучусу бар. Дарыгер Абдулла Ирфан алган жарааттардан көз жумганын бышыктады.

Жардыруу үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө алган жок. Бирок чыгыш Ооганстанда өзгөчө активдүү болгон “Ислам мамлекети-Хорасан” радикал уюму буга чейин талибдерге каршы чабуулдарды уюштуруп келген.

Уюм өткөн аптада Кундуз аймагында шиийилердин мечитинде 100дөн көп кишинин өмүрүн алган жардырууну ишке ашырганын билдирген.

XS
SM
MD
LG