Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

COVID-19: Бишкекте бир мектеп, 7 класс карантинге жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы айрым мектептерде окуучулардын арасынан коронавирус инфекциясы аныкталгандыктан кээ бир класстар карантинге жабылды. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда карантинге жабылган 7 класс бар. Ал эми № 67 гимназия мектеби Мамлекеттик-санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун чечиминин негизинде толугу менен карантинге жабылды.

Республикалык ыкчам штаб билдиргендей, акыркы суткада коронавирус инфекциясын жуктуруп алган 63 учур катталды. Эки бейтап каза болду. Оору жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында (35).

Кыргызстанда билим берүү мекемелери 15-сентябрдан тарта толук ачылган. 2020-жылдын март айында өлкөдө COVID-19 вирусу алгач аныкталганда бала бакча, мектеп, жогорку окуу жайлардын баары аралыктан окутууга өткөн.

XS
SM
MD
LG