Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:00

COVID-19: Эки бейтап каза болуп, 93 учур жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 12-октябрда ооруну жуктуруп алган эки бейтап каза болду. 93 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Вирус жаңы аныкталгандардын көпчүлүгү Бишкек шаарында.

  • Бишкек - 51
  • Чүй облусу – 21
  • Ош облусу – 1
  • Талас облусу - 4
  • Ысык-Көл облусу – 9
  • Жалал-Абад облусу – 6
  • Баткен облусу - 1


Ош шаары менен Нарын облусунда ооруну жаңы жуктуруп алгандар катталган эмес. Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 179 429 адамга жетти. Пандемия башталгандан бери жалпы 2 622 адам каза болду. Бир күндө 112 адам сакайып чыкты. Бүгүнкү күнү 442 адам ооруканада, 672 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, коронавирус жуктуруп каза болгондордун бардыгы вакцина албагандар. Кыргызстанда инфекцияга каршы эмделгендердин жалпы саны 1,5 миллиондон ашты. Алардын 870 миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алган.

XS
SM
MD
LG