Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:23

Кыргызстан Батыш өлкөлөрүндө соттолгондор боюнча Европага кайрылды


Кыргызстан жана Европа Биримдигинин желеги.
Кыргызстан жана Европа Биримдигинин желеги.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Европа өлкөлөрүндөгү абактарда жаза өтөп жаткан кыргыз жарандарын мекенине которуп келүү мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгып жатканын маалымдады.

Сентябрь айында Кыргызстандын башкы көзөмөл органы Тышкы иштер министрлиги аркылуу Европа Кеңешине 1983-жылы кабыл алынган Соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө Европа конвенциясына кошулуу өтүнүчү менен кайрылган. Европа Кеңеши Башкы прокуратуранын кайрылуусун карап көрүү макулдугун берген.

Кыргызстан аталган конвенцияга кошулган учурда Европа өлкөлөрүндө соттолгон кыргызстандыктарды экстрадициялоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Башкы прокуратура Европа өлкөлөрүндө канча кыргызстандык жаза өтөп жатканы жөнүндө маалымат берген жок. (TSh)

XS
SM
MD
LG